Гыязов Айдарбек Токторович

  • Туулган жылы, жери: 29.12.1981ж., Ош обл., Ноокат району, Т. Кулатов а.ө., Баглан айылы;
  • Улуту: кыргыз;
  • Электрондук почтанын дареги: aziret-81@mail.ru.
  • Илимий даражасы, наамы: экономика илимдеринин доктору, профессор;

Эмгек жолу

Ишке кирген жана кеткен күнү, айы, жылы

Иштеген ишкананын аталышы, жайгашкан жери

 

Ээлеген кызматы

01.09.2003

12.04.2004

Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя  экономика, укук жана технология  институту, Кызыл-Кыя шаары

Окутуучу

12.04.2004

13.09.2004

Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя  экономика, укук жана технология  институтунун, Экономикалык дисциплиналар кафедрасы, Кызыл-Кыя шаары

Кафедра башчысы

13.09.2004

24.10.2007

Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя  экономика, укук жана технология  институтунун Экономика башкаруу жана укук факультети, Кызыл-Кыя шаары

Декандын тарбия иштери боюнча орун басары

01.09.2011

06.01.2016

Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя  экономика, укук жана технология  институту, Окуу-маалымат бөлүмү, Кызыл-Кыя шаары

Бөлүм башчы

06.01.2016

30.12.2019

Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя  көп тармактуу  институту, Кызыл-Кыя шаары

Директор

01.02.2021

Бүгүнкү күнгө чейин

Баткен мамлекеттик университетини, Баткен шаары

Ректор

Жетишкендиктери 

2003-жылы КЭУТИ БатМУнун «Финансы кредит» кафедрасында окутуучулук кызматынан баштаган, 2003-жыл октябрь айынан тартып Экономика башкаруу жана укук факультетинде декандын тарбия иштери боюнча орун басары кызматы, 2004-жылдын 12-апрелинен «Экономикалык дисциплиналар» кафедрасынын башчысы. 2005-жылы «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын башчысы. 2011-2014 жылы  БатМУ КЭУТИнин окуу-маалымат департаментинин башчысы, 2014-2015 жылдары БатМУ КЭУТИнин директорунун илимий иштер жана тышкы байланыш боюнча орун басары-окуу-маалымат департаментинин башчысы  кызматында эмгектенди. 2016-жылдын январь айынан 2019-жылдын декабрь айына чейин БатМУ ККТИнин директору кызматында эмгектенген. 01.2020-02.2020-жылы КРнын Вице премьер министринин кенешчиси 17.02.2020 жылдан бери БатМУ ККТИнин «Экономика» кафедрасында профессор кызматында эмгектенип келүүдө. Билим берүүнүн мыктысы. РФнын Табигый илимдер академиясынын профессору.

2017-жылдын 26-январында «Экономика» адистиги боюнча доценттик илимий наамы Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан  ыйгарылган. РИНЦ базасы боюнча 118 илимий макала, 3 монография, 1 окуу куралы, 9 статья SCOPUS жана WOS наукаметрикалык жарык көргөн. 4 РФнан автордук укук-патент. РИНЦ базасында Хирша-11,  SCOPUS жана WOS наукаметрикалык базасы боюнча Индекс Хирша-3.

         2020-жылдын 8-октябрь күнү Д.08.20.606 диссертациялык кенешинде 08.00.05-Эл чарбасынын экономикасы жана башкаруу адистиги боюнча «Формирование организационно-экономического механизма регулирования предпринимательской деятельности малых предприятий Кыргызстана: теория, методология, практика» темасында экономика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алуу боюнча диссертациясын ийгиликтүү коргоодон өттү.

         2021-жылдын 1-февралынан тартып Баткен мамлекеттик университетинин ректору