Баткен мамлекеттик университети 2018-2019 окуу жылына пландалган “Инстутцияналдык жана программалык” аккредетациялык текшерүүдөн өтүүгө даярданууда. Анда “Эл баасы” аккредетациялык агентигинин жардамы менен учурда боло турган аккредетацияга даярдануу максатында 2019-жылдын 2-3 апрелинде БатМУнун башкы мекемесинде экинчи тренинг болуп өттү.

Тренингте БатМУнун жалпы профессордук окутуучулар жамааты “Эл баасы” аккредетациялык агентигинин өкүлдөрү тарабынан атайын окуу болду. БатМУнун жамаатынан атайын жумушчу топ бекитилди. Аккредетациядан өтүүнүн эң башкы максаты, келечекте университет балон системасына ылайык талапка жооп беретурган адистерди даярдап, аларга квалификация ыйгаруу укугун алат.