Иш план

Жобо

 

БатМУнун 2022-2023 окуу жылына карата Эл аралык байланыштар жана академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн иш аракеттери.

            Эл аралык байланыштар академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн иш планы боюнча 2022-2023 окуу жылынын күзгү семестрине карата студенттерди Ош декларациясынан алкагында түзүлгөн “Ички мобильдүүлүк боюнча” келишимдин негизинде БатМУнун студенттерин тишелүү иш чараларды уюштуруу менен алар ийгиликтүү башка облустарда жайгашкан ЖОЖдордо окуп келүү үчүн жиберилди.

Окуу жайдын аталыныСтуденттердин саны  
1ОшМУ8
2ОшМПУ1
3И. Арабаев атындагы КМУ4

Ал эми ички мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош мамлекеттик университетинен БатМУга 1 студент келип окуп жатат.Жазгы семетр үчүн мобилдүүлүк боюнча БатМУ жана түзүмдүк бөлүмдөр студенттерди жөнөтүүгө маалыматтар жарыяланды.

 Быйылкы окуу жылында Баткен мамлекеттик университети академиялык ички, тышкы мобилдүүлүктү күчөтүүнүн негизинде көптөгөн жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар менен келишимдерди түзүүгө жетишти.

Баткен мамлекеттик универсиети 2022-2023-окуу жылына Тышкы мобилдүүлүк боюнча студенттердин жана профессордук-окутуучулар курамынын тажрыйба алмашуу жана билимдерин жогорулатуу максатында БатМУнун ректору д. э.н., профессор Гыязов Айдарбек Токторович Нижний Новгород шаарында иш сапары менен болду. Козьма Минин атындагы залда “маданият аралык коммуникациялар жана улуттук маданий баалуулуктарды трансляциялоо” темасында “билим берүүнүн экспорту”эл аралык конференциясы болуп өттү. Көптөгөн өлкөлөрдөн келген коноктор баяндама жасашты.

Азыркы дүйнөдө билим берүү кызматтарын экспорттоо маселеси барган сайын актуалдуу болуп баратат. Дүйнөлүк экономиканын глобалдашуусу жана азыркы дүйнөдө атаандаштыктын күчөшү менен, жумушчулардын, инженерлердин жана башка адистердин эң жогорку деңгээлдеги чеберчилиги талап кылынат. Ал эми бул дүйнөлүк мыкты үлгүлөрдөн кем калбаган мыкты билим берүү системасын түзүүнү, кеңири эл аралык кызматташтыкты орнотууну, билим берүүдөгү экспорттук-импорттук байланыштарды жогорулатууну талап кылат.

Баткен мамлекеттик университети менен Козьма МИнин атындагы Нижний Новгород мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосунда эки тараптуу макулдашуу боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Эки тарап Баткен мамлекеттик университетинин базасында орус адабияты жана орус тили боюнча окуу борборунун ачылышына кол коюшту жана талкуулашты, ошондой эле МИнин университетинин магистратурасында Экономика, логопедия жана психология багыттары боюнча 1+1 системасы боюнча студенттерибизди окутуу жөнүндө келишим түзүлгөн.

Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинин, Айдарбек Токторович Гыязовдун жана Козьма Минин атындагы Нижний Новгород мамлекеттик педагогикалык университетинин ректорлору Сдобняков Виктор Владимировичтин жолугушуусу болуп өттү. Эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык жана илимий кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды, илим жана билим берүү жаатындагы кызматташуунун келечектүү багыттары белгиленди. Баткен мамлекеттик университетинин бакалавр даражасын аяктаган, Миниский мамлекеттик педагогика университетине магистратурага жиберилүүчү студенттердин санын окуу жылында 60ка чейин (бюджеттик негизде) көбөйтүү жөнүндө келишим макулдашылды, чек арага жакын айылдардын студенттери артыкчылыкка ээ. Ошондой эле 2023-жылдын апрелинде Минин мамлекеттик педагогикалык университетинин кесиптештеринин, орус тили жана орус адабияты мугалимдеринин, филологдордун, логопеддердин, профессорлордун Баткен мамлекеттик университетине Баткен облусундагы окутуучулардын жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн келиши талкууланды.

Баткен мамлекеттик университетинин ректору Гыязов Айдарбек Токторович талкуу аянтчасында тема боюнча баяндама жасады

“Билим берүүнүн экспорту: экономикалык жана маданий факторлорго теориялык сереп” Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан билим берүү системасындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө айтып берди.

КРнын Баткен мамлекеттик университети менен ТРнын Сакарья университети өз ара кызматташуу боюнча 2021-жылдын 25-март күнү беш жылдык мөөнөт менен келишимге кол коюлган;

Түзүлгөн келишимге ылайык БатМУнун ректору жетектеген 11 кишиден турган делегация 2022-жылдын 20-21-октябрь күндөрү иш сапарында болуп келген. Түркия мамлекетинин Сакария универсиети менен жетишилген келишимдин алкагында дагы студенттер тышкы мобилдүүлүк боюнча 1 семестрлик окууга жөнөтүлөт.

Бүгүнкү күндө Баткен мамлекеттик университети Түркия Республикасынын (ТР) үч жогорку окуу жайы, Эл аралык мектеби жана КРдагы ТРнын Элчилиги менен эки тараптуу активдүү кызматташып жатат:

Ошондой эле ТРнын Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык БатМУнун базасында түзүлгөн Бизнес инкубатордун директору Жумабек Абдипатта уулу 2023-жылдын 2-январынан 21-январына чейин Сакарья университетинин Технопаркында тажрыйба алмашуу, жаңы технологияларды үйрөнүү жана БатМУнун студенттеринин стартаптарын илгерилетүү максатында үч жумалык иш сапарында болуп келди. Иш сапар чыгымдарынын учак билетин каржылоо БатМУ тарабынан жүргүзүлүп, ал эми үч жумалык жатакана жана тамак-аш чыгымдары Сакарья университети тарабынан каржыланды. БатМУнун беш студенти 2022-2023-окуу жылынын 2-семестрин Сакарья университетинде окуп келишмекчи. Бул беш студенттин да төрт айлык жатакана жана тамак-аш чыгымдары Сакарья университети тарабынан каржыланмакчы.

КРнын Баткен мамлекеттик университети, ТРнын Билим берүү министрлиги жана Түркия Диянет фонду менен үч тараптуу макулдашууга ылайык 2021-жылдын октябрь айында БатМУнун базасында “Ыйман” гимназиясы ачылып, бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштеп жатат. Азыркы учурда 160 окуучу билим алып, 20 мугалим эмгектенүүдө. Ошондой эле 5 мугалимге Түркия Диянет фонду тарабынан ай сайын стипендия берилип турат.

КРнын Баткен мамлекеттик университети менен ТРнын Чанаккале 18-март университети менен өз ара кызматташуу боюнча 2022-жылдын 20-июнь күнү беш жылдык мөөнөт менен келишимге кол коюлган;

2023-2024-окуу жылында эки университеттин студенттеринин жана окутуучуларынын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу пландаштырылып жатат.

КРнын Баткен мамлекеттик университети менен ТРнын Нежметтин Эрбакан университетинин өз ара кызматташуу боюнча 2022-жылдын 18-октябрь күнү беш жылдык мөөнөт менен меморандумга кол коюлган;

2022-2023-окуу жылынын аягында БатМУнун 20 студенттин жана 10 окутуучуну ТРнын Нежметтин Эрбакан университетине жайкы окуу лагерине жиберүү макулдашылган. Тамак-аш жана жатакана чыгымдары чакырган тараптан каржыланат.

КРнын Баткен мамлекеттик университетинин “Ыйман” гимназиясы менен ТРнын Конья Эл аралык гимназиясынын ортосунда 2023-жылдын 9-январь күнү “Боордош мектептер” келишимине кол коюлган;

Бул келишимге ылайык 2022-2023-окуу жылынын жайкы эс алуу мезгилинде эки мектептин окуучулары жана мугалимдери өз ара тажрыйба алмашуу үчүн БатМУнун “Ыйман” гимназиясынын 20 окуучусу 10 мугалими Түркиянын Конья шаарына жайкы окуу лагерине жөнөтүлөт.

КРнын Баткен мамлекеттик университети менен КРдагы ТРнын Элчилиги менен БатМУнун базасында түрк тилин окутуу борборун ачуу боюнча 2022-жылдын 12-февраль күнү протоколго кол коюлган.

Түзүлгөн келишимдин негизинде азыркы учурда ТРнын атайын Түрк тилин үйрөтүү борборунан (TÖMER) келген эки мугалим БатМУнун Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинде жана Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда алтымыштан ашуун студентке жана жыйырмадан ашуун окутуучуга түрк тилин окутуп жатат.

2022-жылдын сентябрь айында түрк тилин үйрөнүп башатаган 60 студент А1 даражасындагы сертификаттарын алышты.

Ошондой эле Түштүк Кореянын Юннам университети менен БатМУнун базасында Корей тилин окутуу боюнча 2023-жылдын 23-январь күнү эки тараптуу келишим түзүлдү. Бул келишимге ылайык Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин англис тили адистигинде окуган студенттерге Юннам университетинин профессорлору тарабынан атайын 1 семестр толук корей тили окутулуп, сертификаттар тапшырылат. Аталган долбоорду ийгиликтүү ишке ашыргандан соң, кийинки баскыч БатМУ менен Юннам университетинин студенттеринин жана окутуучуларынын ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюча жаңы баскычка өтмөкчү.

Баткен мамлекеттик университети Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университети жана Фергана политехникалык институтуттарынын ректорлору тарабынан илимий билим берүү, маданий тармактарында эки тараптуу мамилелерди бекемдөө максатында келишимдерге кол коюлган. Ушул келишимдерге ылайык бүгүнкү күндө жогорудагы аталган жогорку окуу жайлар ортосунда академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу боюнча Баткен мамлекеттик университетинен Фергана мамлекеттик университетине Баткен мамлекеттик университетинен төмөнкү профессордук окутуучулар курамы:

  1. Тайиров Миталип Муратович-ф-м.и.д., профессор;
  2. Кадыров Абдинаби Азамбаевич-т.и.к., профессор;
  3. Азамбаев Ураимберди Азамбаевич-Педагогикалык билим берүү каф. башчысы;
  4. Юлдашев Мамашариф Бабаевич-Филологиялык билим берүү каф. ага окутуучусу;
  5. Саттаркулов Дооранбек Бабаевич-Социалдык-экономикалык жана укук кафедрасынын окутуучусу.

Аталган окуу жайдын студенттерине өздөрүнүн ү күндүк лекцияларын окуп келишти.

Ошондой эле Фергана политехникалык университетине да БатМУдан 4 окутуучу барып 3 күндүк жогоку деңгээлдеги лексиялык сабактарды өтүп келишти.

БатМУдан академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча көптөгөн студенттер ФерПИде окуп, тажрыйба алмашып келишти.

Эл аралык Кувейт университети жана БатМУ эки тараптуу келишимдерге жетишип, Бишкек мамлекеттик университети, Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университеттери менен келишимдер илим, билим берүү, маданий багыттар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келишимдер даярдалып жатат.