Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин тарыхы

         Табигый, гуманитардык жана педагогика факультети 2016-жылдын февраль айынан баштап БатМУнун ректорунун буйругуна ылайык түзүлгөн. Студенттик контингент жалаң күндүзгү бөлүмдөн турат. Учурда Табият таануу жана педагогика  факультети жогорку квалификациялуу адистерди даярдоочу окуу-усулдук жана илимий-педагогикалык борбор. Анын тарыхы Баткен  мамлекеттик университетинин тарыхы менен бирге башталган. 2000-жылы Баткен шаарында түзүлгөн, анын курамында мугалимдик кесипке  даярдоо менен экономика, юриспруденция жана башка адистиктер ачылган. Бүгүнкү күндө башкы мекеменин астында “Табигий билим берүү жана математика”, “Педагогикалык билим берүү”, “Филологиялык билим берүү” кафедраларында., Башталгыч билим берүүнүн усулу жана педагогика, Тарых, Орус тили жана адабияты, Кыргыз тили жана адабияты, Биология, математика, Информатика, Денен тарбия адистиктерин даярдап келүүдө. Түштүк аймактын түштүк-батышында жайгашкан Баткен облустунун педагогикалык керектөөлөрүнүн камсыздоодо алгылыктуу иш алып барууда .

Факультеттеги кафедраларында жалпысынан 30 профессордук-окутуучулук  штат бекитилген.  Ал эми деканат үчүн бекитилген штаттык бирдикке ылайык декан, декандын орун басары жана усулчу иш алып барат.    Факультетте жалпысынан 2 илимдин доктору 13 илимдин кандидаттары  жана 30  окутуучу эмгектенет. Жогорудагы көрсөткүч сапаттык көрсөткүчтүн 30% түзөт Факультетте 10 адистик боюнча 3 кафедра иш алып барат.

Кафедралар:

Педагогикалык билим берүү кафедрасы;

Филологиялык билим берүү кафедрасы;

Табигый илимдер жана математика кафедрасы.

Ар бир кафедра БатМУнун ректорунун буйругунун негизинде түзүлгөн. Азыркы күндө “Бакалавр” программасы боюнча (окуу мөөнтү 4 жыл) жүргүзүлөт. Факультетте интернет түйүнүнө туташтырылган 2 компьютердик класс (студенттер интернет кызматын акысыз пайдаланышат), заманбап китепкана, окуу залы, студенттик ашкана иштейт.