ОКББ бөлүмүнүн миссиясы

Бөлүм өз ишмердүүлүгүнүн КР Конституциясына, КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына, КРнын “Жогорку окуу жайы жөнүндө” жобого, Бат МУ нун Уставына ылайык жүргүзүлөт.

Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн миссиясы: Окутуунун инновациялык технологияларын илимий-практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыруунун негизинде атаандаштыкка жарамдуу квалификациялык адистерди үзгүлтүксүз сапаттуу даярдоонун системасын камсыздоо.
Заманбап технологиялардын негизинде эффективдүү экономикалык техникалык билимдин өнүгүүсүнө өз салымын кошот.
Аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана билимдүү жаштарды тарбиялоо.
Студенттерди жарандык көз караш, эмгекке жана заманбап шарттарда жашоо жөндөмдүлүгүн түзүү.
Бүтүрүүчүлөргө коюлган квалификациялык талаптарды жумуш берүүчүлөр менен биргеликте иштеп чыгуу.
Жумуш берүүчүлөр менен кызматташтыкта болуу.
Коомдун маданий, адептик жана илимий баалуулуктарын сактоо жана көбөйтүү.
Элдин арасында билимди жайылтуу жана студенттердин билим жана маданий денгээлин жогорулатуу.

Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн негизги максаты: бүтүрүүчүлөрдү сапаттуу даярдоо менен алардын квалификациясынын жана компетентүүлүгүнүн негизинде жана базар экономикасынын шартында алардын конкреттүүлүгүн камсыз кылуу. Бөлүм түштүк региондогу орто кесиптик окуу жайларга салыштырмалуу жаны иновациялык технологиялардын негизиндеги усулдарды, жогорку денгээлде уюштурулган окуу-методикалык базаны,профессор-окутуучулар курамын пайдалануу менен жогорку квалификациядагы жумуш берүүчүлөрдүн койгон талаптарына компетентүү адистерди даярдап чыгаруу.