Сулукту педагогикалык колледжинин тарыхы

Баткен мамлекеттик университетинин аталган колледжи алгач Ош жогорку колледжинин Сүлүктүдөгү филиалы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин 11.01.1996-жылдагы республиканын региондорун жумушчу кыдыруусунда берилген убадаларын аткаруу боюнча түзүлгөн иш-чаралардын негизинде өкмөттүн чечими менен ачылган. 1996-жылдын июнундагы Ош педагогикалык колледжинин директорунун №54 буйругунун негизинде ачылган. Бул окуу жайдын ачылышы Лейлек, Баткен райондоруна керектүү болгон адистерди даярдап берүүгө шарт түздү. Окуу жайдын материалдык- техникалык базасын түзүү боюнча Сүлүктү шаардык мэриясы көп иштерди жасаган.

2001-жылдан баштап, Кыргыз Республикасынын Президентинин №190 25.07.2000-жылдагы указынын негизинде Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү педагогикалык окуу жайы болуп кайрадан  түзүлгөн.

Окуу жайда  көркөм өнөр жана кол эмгек сабактары боюнча студенттердин колдору менен жасалган буюмдардын көргөзмө залы уюштурулган. Каананын ичинде декоративдик кооздоо иштери, саймалоо, куракчылык, жыгач иштери ар түрдүү материалдардан жасалган буюмдар, макеттер, моделдер коюлган. Көркөм өнөр жана кол эмгек сабактарында студенттер ар түрдүү материалдар менен иштөө усулдары менен таанышып, кызыгуу менен түрдүү композицияларды түзүүгө үйрөнүшөт. Колдору жөндөмдүү студенттердин жасаган эң жогорку сапаттагы буюмдар көргөзмө залына коюлган.

Жаңы маалымат  технологиялары менен студенттерди тааныштырып өтүү үчүн сабактан тышкары убакытта кружок уюштурулган. Кружокто студенттер компьютер  технологиялары менен иштөөнү үйрөнүп гана чектелбестен, түрдүү жаңы программаларды түзүүнү, интернет аркылуу  жаңы маалыматтарды алууну  өздөштүрүшөт.

Окуу жайынын  бардык кааналары  техникалык каражаттар, компьютерлер менен жабдылган. Практикалык  иштерди өткөрүү үчүн жабдылган лабораториялык, көркөм өнөр боюнча көргөзмө кааналары жана Улуу Жеьиштин 60 жылдыгына карата музей уюштурулган. Студенттердин ден соолугун чыңдоо жана дене тарбия предметин өздөштүрүү боюнча   атайын спорт залы жана таза абада сабак өткөрүү үчүн ачык спорттук аянтча бар.

Окуу жайы өздүк китепканага жана окуу залына ээ. Андагы китептер жыл сайын жаңы басылмалар менен толукталып турат.

Сүлүктү педагогикалык окуу жайында педагогикалык жана мамлекеттик практикаларды өткөрүүгө өзгөчө мамиле жасалат. Сүлүктү шаардык администрациясынын 2002-жылдын 5-октябрындагы №98 чечими менен Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектеп окуу жайдын базалык мектеби болуп бекитилген. Бул базалык мектепке практиканын бардык түрлөрүн өткөрүүгө толук шарттар түзүлгөн.

Студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу окуу жайда жакшы жолго коюлган. Бардык тарбиялык жагдайдагы кечелер, кызыктуу жолугушуулар, предметтик сабактар боюнча өткөрүлүүчү конкурстар, КВНдер  үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Студенттерге сапаттуу билим, тарбия берүү максатында окутуучулар тарабынан көптөгөн иштер аткарылып келүүдө. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Германия  Федеративдик Республикасынын  Кызматташтык уюмунун (GIZ)  «Орто Азиядагы билим беруу системасын реформалоо» программасынын негизинде «Окутуунун жаны формалары» темасында семинарлар өткөрүлүп, аталган уюм менен тыгыз байланышта иш алып барышат. Кызматташтык уюм тарабынан учурдагы заманбап компьютердик жабдыктар менен принтер, сканер, ксерокопия (три в одном) тартууланган. Ошондой эле GIZ Кызматташтык уюмунан жалпы суммасы 3217 еврого бааланган жыгач иштетүү боюнча 26 аталыштагы инструменттер белекке берилген.

Окуу жайдын окутуучулары билимдерин өркүндөтүү боюнча түрдүү семинар, конференцияларга катышып, билим берүүдөгү инновациялык усулдарды пайдалануу менен окутуп келишет.