Сапат жана карьера бөлүмү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иш алып барган, түздөн-түз БатМУнун ректоруна баш ийген бөлүм болуп саналат.

Бөлүм БатМУнун ректорунун буйругу менен 2017-жылдын сентябрында Сапаттык билим берүү бөлүмү катары ачылган.

2022-жылдын ОКнин 14-июлундагы № 6 протоколу менен 2022-2023-окуу жылына карата штаттык бирдикте “Сапат жана карьера” бөлүмү болуп өзгөртүлдү.  

Сапат жана карьера бөлүмүнүн негизги максатыокуу процессин координациялоо, билим берүүнүн сапатын башкаруу жана камсыздоо боюнча университеттин, окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна көмөктөшүү болуп саналат.

         Сапат жана карьера бөлүмү азыркы учурда төмөнкү милдеттерди аткарат:

  • Университеттин сапат системасынын уюштуруу-башкаруу структурасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
  • БатМУда жана окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдө сапат жаатында университеттин саясатын ишке ашыруу жана координациялоо;
  • Университетте жана окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдө билим берүүнүн сапатынын көрсөткүчтөрүнө жана процесстерине мониторинг жүргүзүү, аларды талдоо жана сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;
  • Университеттин жана окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө ички аудит жана өзүн-өзү баалоо боюнча чаралардын системасын ишке ашыруу;
  • Университеттин окуу жана башка иштеринин сапатын уюштуруу боюнча социалдык сурамжылоолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • Сапатты башкаруу чөйрөсүндө БатМУнун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
  • Билим берүү программаларын жана мекемелерин аккредитациялоо боюнча иштерди даярдоо жана уюштуруу;
  • Сапатты башкаруу боюнча эл аралык билим берүү мекемелеринин тажрыйбасын жана сунуштарын үйрөнүү жана иш жүзүндө колдонуу;
  • Университеттин сапатты камсыздоонун ички системасынын эффективдүү иштешин жана башкаруусун колдоо;
  • Бүтүрүүчү студенттердин ишке орношуусуна иш-чараларды өтүү, көмөк көрсөтүү;
  • Бош орундар боюнча маалымататрды бүтүрүүчүлөргө жеткирүү;
  • Бүтүрүүчүлөр менен университеттин ортосундагы байланышты бекемдөө, бүтүрүүчүлөр ассоциациясын жетектөө.

Эргешали кызы Айчүрөк

Сапат жана карьера бөлүмүнүн башчысы, п.и.к,, доцент

Жолдубай кызы Пазилет

Сапат жана карьера бөлүмүнүн сапат боюнча жетектөөчү адиси