Конференция, симпозиум

2017-жылдын 26-апрелинде БатМУнун Социалдык – педагогикалык институтунун Педагогика факультетинин базасында Педагогика коому тарабынан “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата иш чара катары «Ааламдашуу мезгилиндеги таалим – тарбиянын актуалдуу маселелери» аттуу семинар – тренинг өттү. Мында ал семинар-тренинге:

  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу кафедрасынын башчысы, Кыргыз УИАнын мүчө-корреспонденти, п.и.д., профессор Мамбетакунов Эсенбек,
  • Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык –педагогикалык колледжинин директорунун орун басары, (Башталгыч класстын мугалимдерин даярдоо боюнча билим берүү” п.и.д., профессор Абытов Мамат Тилемишович,
  • Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Сияев Таштанбек Моңолдорович, Жусуп Баласагын  атындагы  Кыргыз  Улуттук  университетинин  кыргыз  тили  жана  адабияты  кафедрасынын  башчысы,  п.и.д., профессор Чыманов Жеңишбек Арынович,
  • Ф.м.и.д., профессор Тайиров М.М. БатМУнун табият таануу жана технологиялар институтунун директору.

“Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата өткөрүлгөн семинар-тренинге Кызыл-Кыя шаарындагы орто(мектептер) жана атайын профессионалдык (колледждер)билим берүү мекемелеринин жана БатМУ СПИнин жана БатМУ ЭТИнин окутуучуларынын ичинен 307адам катышкан, алардын 92 сине (анын ичинен 56 окутуучу БатМУ СПИнен) педагогика коомунун сертификаттарды берилди.

2017-жылдын 19-майында Бишкек шаарында И.Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университетинде Физика жана технология кафедрасынын 65-жылдыгына жана Кыргыз билим беруусунун эмгек синирген ишмери Айтматова Розетте Төрөкуловнанын 80-жылдыгына карата уюштурулган «Современные проблемы обучения физики, математики, информатики и актуальные задачи прикладной информатики» деп аталган эл аралык илимий-методикалык конференцияга факультеттин “ Орто мектепте кванттык физиканы окутуунун маселелери”, ага окутуучу М.Темирбаев жана доцент А.Кошуев “Орто метепте радиактивдүүлүк темасын окутуунун айрым маселелери„ доцент З.Максутов “Жаратылыш байлыктарын өндүрүүдөгү жана пайдалануудагы физиканын орду„ деген темаларда доклад жасашкан. Мындан сырткары 2017-жылдын 15-апрелинде факультеттин доценти А.Кошуев, ага окутуучулар М.Темирбаев, Т.Орунбаевдер 2017-жылдын апрель айында Ош Кыргыз-Озбек универститетинде “Жалпы билим беруучу жана кесиптик мектептерде компетенттуулук мамилени жүзөгө ашыруунун актуалдуу көйгөйлөрү” – деген аталыштагы 9-Назаровдук окууга арналган илимий-практикалык конференцияга катышып докладдарды окуп келишген.

2016-17-окуужылы педагогика факультетинин илимий-окутуучулук курам

тарабынан жарык көргөн илимий макалалардын тизмеси

Студенттердин жана окутуучулардын илим изилдөө багытындагы иштери талапка ылайык алып барылууда. Мында жыл сайын окуу процессинин графигине ылайык илимий изилдөө багытындагы салттуу иш чаралар (окутуучулардын жана студенттердин илим жумалыгы) өткөзүлүп турат. Мындан сырткары эл аралык, регионалдык багытында коомдук уюмдар же ЖОЖдор өткөзүлгөн илимий практикалык конференцияларга окутуучулар жана студенттер докладдар менен активдүү катышып келүүдө, ага далил катары жарык көргөн макалалары мисал боло алат. Факультеттин илимий педагогикалык курамынынын ичинен КГПИде эмгектенип жатып төмөнкү окутуучулар илимий даражага ээ болушкан:

  1. М.М.Тайиров-физика математика илимдеринин доктору, профессор
  2. А.Ж.Кошуев- физика математика илимдеринин кандидаты, доценттин м.а.
  3. Миталипов К.М. -педагогика илимдеринин кандидаты, доценттин м.а.
  4. З.Н.Максутов- педагогика илимдеринин кандидаты, доценттин м.а.
  5. М.М.Мийзамов- педагогика илимдеринин кандидаты, доцент
  6. М.Боркошев- педагогика илимдеринин кандидаты, доцент
  7. Г.Т.Омурзакова– биология илимдеринин кандидаты, доцент
  8. К.Орозалиев-медицина илимдеринин кандидаты, доценттин м.а.
  9. А.Мадумаров – биология илимдеринин кандидаты, доцент м.а.

Мындан сырткары азыркы күндө кандидаттык диссертациясын аяктап, коргоонун алдында турган окутуучулар:

  1. Т.Орунбаев (педагогика илимдеринин кандидаттык илимий наамын алууга)
  2. М.Темирбаев ( педагогика илимдеринин кандидаттык илимий наамын алууга)
  3. Б.Жамшутова ( педагогика илимдеринин кандидаттык илимий наамын алууга)
  4. Ж.Кашматова ( педагогика илимдеринин кандидаттык илимий наамын алууга)
  5. Н.Ташматова (биология илимдеринин кандидаттык илимий наамын алууга)
  6. Г.Дыйканов (физмат илимдеринин кандидаттык илимий наамын алууга)
  7. А.Калеева (физмат илимдеринин кандидаттык илимий наамын алууга)

А.Абдибайитова (биология илимдеринин кандидаттык илимий наамын алууга

Студенттердин илимий коому

2016-жылдын 22-ноябрында Ош шаарында ОшМУда «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу III аймактык студенттик илимий конференция болуп, конференцияга БатМУнун социалдык педагогикалык институтунан, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Асан Бердиевдин жетекчилиги менен ФК-14 тайпасынан Абдисалам кызы Толгонай «Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» кыргыз элинин маданий дөлөтү, руханий дүйнөсүнүн улуу мурасы» СЭБ-14 тайпасынан Арапбай кызы Айжаркын «Советтик доордо мамлекеттик маселесинин көтөрүлүшү», ИК-14 тайпасынан Мисиров Кылычбек «Графиктерди чийүүдөгү электрондук эсептөөчү машинанын колдонулушунун өзгөчөлүктөрү» илимий жетекчиси окут.Бекмурзаева Б., СЭБ-14 тайпасынан Сраждинова Гулгакы, ИК-14 тайпасынан Жайлообек кызы Мээргүл, ИК-14 тайпасынан Турдали кызы Назик өздөрүнүн илимий жетекчилери (окут. Г.Урайымова, А.Бердыбаев ж.б.) менен бирге даярдаган илимий макалалары менен катышып атайын комиссиянын чечими менен 1-2 даражадагы дипломдор жана граммоталар менен сыйланышты. Конференциянын резалюциясында Студенттердин илимий макалалары «ОшМУнун жарчысы» илимий журналына басууга сунушталды.

Студенттердин өз алдынча иштөөсүн өркүндөтүү максатында 2016-17-окуу жылында декабрь жана апрель айында ар бир кафедра тарабынан 1-2-3-4-курстун студенттеринен курстук иш, реферат, докладдар кабыл алынды.Студенттер илимий докладтарды жасоонун жолдору жана макаланы жазуу эрежелери боюнча талкууга активдүү катышып бир топ маалыматтарга ээ болушту.

Педагогика факультети тейлеген билим берүү багыттарындагы студенттердин илимий изилдөө иштерине багыттөө жана өз адистиктерин даназалоо максатында адистиктердин жумалыктары ар окуу жылында такай өткөзүлүп келет. Бул жумалыктарда информатика, математика, физика, биология, педагогика, дене тарбия, химия адистиктеринин студенттери жана окутуучулар өз активдүүлүгүн көрсөтүшүп келет. Жумалыктын алкагында жогоруда саналган адистиктердин тиешелуу багыттар боюнча илимий-методикалык талкуулар, ачык эшиктер, тегерек столдор, сахналаштырылган корунуштор, ачык сабактар, КВНдер, спорттук мелдештер өткөрүлөт. Белгилей кетчу нерсе, бул адистик жумалыгы студенттердин жана окутуучулардын адистигине жана илимге болгон көз караштарын жогорулатты.

Окуу-усулдук иш

Факультеттин жана кафедрадалардын окуу-усулдук секциянын планы бекитилип, ага ылайык иш жүргүзүлдү. Окутуучулар тарабынан түзүлгөн силлабустардын түзүлүшүнө көмөк көрсөтүү менен иш алып барылды. Текшерүүдөн өткөн силлабустарды AVN ИСна жүктөөгө уруксат берилди. ФМББ кафедрасынын улук окутуучу Жамшутова Б., Бекмурзаева Б. жана окутуучусу Б.Ахунов, Т.Ташполотовдор тарабынан информатика предмети боюнча электрондук окуу-усулдук комплекстер даярдалды. Ал эми ага окутуучу Б.Жамшутова тарабынан «Математикалык  маселелерди   чечүүдө          Matlab математикалык          пакетин            колдонуу»       жана кафедранын       доцентти         А.Ж.Кошуев   жана авторлоштор п.и.к., доцент м.а. К.Миталипов, ага окутуучу Касымов Т. менен биргеликте «Педагогикалык кесипке киришүү» аттуу окуу-усулдук колдонмо даярдалып, басмадан чыкты. Ошондой эле ага окутуучу Б.Жамшутова тарабынан «Математика боюнча класстан тышкаркы иштер» аттуу окуу-усулдук колдонмо илимий жетекчи С.Мадраимов менен биргеликте даярдалып, басмадан чыкты. Ошону менен бирге доцент К.Миталипов жана окутуучулар Ы.Тороев, Б.Калыковдор тарабынан «Педагогикалык терминдердин түшүндүрмө сөздүгү» аттуу колдонмосу Ош шаарынан 2017-жылы жарык көрдү.