БУУнун Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча кеңсеси КР Мамлекеттик кадр кызматы, Ош мамлекеттик жана Кыргыз-Өзбек университеттери менен биргеликте Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында акы төлөнүүчү төрт айлык стажировкага катышуучуларды кабыл алуунун башталгандыгын жарыялайт.

Стажировканын программасы кесиптик иш тажрыйбага ээ болуп, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү практикалык көндүмдөрдү жакшыртууга жана карьералык өсүшкө кадам таштоого мүмкүнчүлүк берет.

Стажировканын алкагында мамлекеттик башкаруу менен адам укуктары темасына байланышкан тренингдерге, семинарларга жана кеп-кеңеш берүүлөргө катыштыруу аркылуу стажерлорду билим берүү жагынан колдоого алуу да каралган.

Стажерлор айына болжол менен 4100 сомдун тегерегинде стипендия алып турмакчы.

Кызыкдар болгон талапкерлер  https://clck.ru/Fsnb6  шилтемеси боюнча онлайн форманы толтурса болот.

Эгерде өтүнмөнүн онлайн эмес түрүндө толтурулса, өтүнмөнүн электрондук формасын бул жерден алып толтуруп төмөнкү дарекке beintern2019@gmail.com  жиберүү керек.