“Баткен мамлекеттик университетинин мыктылары – 2019” конкурсун уюштуруу жана жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн төмөнкү комиссия курамы:

1. Комиссиянын төрайымы – эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректор Кошматова Ж.Ж.;

2. Комиссиянын тең төрагасы – окуу иштери боюнча проректор Шеров Ш.Б.

Комиссиянын мүчөлөрү:

3. Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы – Усөнов И. М.;

4. Маалымат системасын автоматташтыруу жана тейлөө боюнча жетектөөчү адиси – Айтбай у. У.;

5. Окуу-маалымат бөлүмүнүн адиси – Кулдашева Р.Б.

БатМУнун

“Жылдын мыкты жетекчиси”

конкурсу жөнүндө

жобосу

1. Жалпы жоболор

1.1. “Жылдын мыкты жетекчиси” конкурсу жетекчилик ишмердүүлүгүндө жогорку жетишкендиктерди көрсөтө алган, өз тажрыйбасын жайылткан жана жетишкен ийгиликтери үчүн сыйланган институттардын жана колледждердин жетекчилерин аныктоо максатында өткөрүлөт.

1.2. Конкурска институттардын, колледждердин жетекчилери катыша алат жана аны жалпы жамаат конкурсттук комиссияга сунуштайт;

1.3. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн конкурсттук комиссия түзүлөт. Ал ректордун буйругу менен бекитилет.

2. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби

2.1. Конкурс эки этапта өткөрүлөт:

1-этап – окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана колледждердин мыкты жетекчилерин жалпы жамаат конкурсттук комиссияга сунуштайт;

2-этап – жылдын мыкты жетекчисин аныктоо.

2.2. 1-этапта окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана колледждердин жетекчилерин сунуштоо үчүн жалпы жамааттын жыйыны, жыйындын протоколунун чечими конкурстук комиссияга сунуштайт.

Университеттин конкурстук комиссиясына төмөнкү документтер сунушталат:

· Жалпы жыйындын протоколдук сунуштамасы;

· Резюме, сүрөтү (электрондук түрдө)

2.3. 2-этапта университеттин конкурстук комиссиясы сунушталган жетекчи тууралуу маалыматты БатМУнун сайтына жайгаштырат. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо www.batmu.kg сайты аркылуу добуш берүү менен жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн графиги жана мөөнөтү комиссия тарабынан түзүлөт. Көп добушка ээ болгон жетекчи женүүчү деп табылат. Жыйынтыгында 1-2-орунду алган жеңүүчүлөр аныкталат.

3. Конкурстун өтүү мөөнөтү.

3.1. Конкурсту өткөрүү мөөнөтү комиссия тарабынан аныкталат.

4. Конкурсту жарыялоо жана анын жыйынтыктарын маалымдоо

4.1. Конкурсту өткөрүү боюнча жарыя жана анын жыйынтыктары, жеңүүчүлүрү боюнча маалымат университеттин жана институттардын сайттарында, “Билим ордо” гезитинде жана агитациялык стенддерде жарыяланат.

5. Конкурстун лауреаттарын сыйлоо тартиби

5.1. Конкурстун жыйынтыгы университеттин ректорунун буйругу менен жарыяланат.

5.2. Конкурстун жеңүүчүлөрү дипломдор менен сыйланат. Дипломдор жылдын аягында салтанаттуу аземде тапшырылат.

6. Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби

7.1. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул жобо бекитилген тартипте киргизилет.

БатМУнун

“Жылдын мыкты кызматкери”

конкурсу жөнүндө

жобосу

1. Жалпы жоболор

1.1. “Жылдын мыкты кызматкери” конкурсу өз ишмердүүлүгүндө жогорку жетишкендиктерди көрсөтө алган, өз тажрыйбасын жайылткан жана жетишкен ийгиликтери үчүн сыйланган кызматкерлерди аныктоо максатында өткөрүлөт.

1.2. Конкурска университеттин жана анын институттарынын кафедранын лаборанттары, факультеттин усулчулары, китепкана кызматкерлери, окуу-маалымат бөлүмүнүн адистери, кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери, уюштуруу, тарбия жана жаштар иштери боюнча кызматкерлер, компьютерлерди тейлөө жана техникалык камсыздоо бөлүмүнүн адистери (чарба кызматкерлеринен башкасы) курамынын штатына кирген бардык кызматкерлер катыша алат.

1.3. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча ар бир окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдө уюштуруу тобу түзүлөт, алар сунушталган талапкерлердин арасынан конкурска катышууга татыктуу кызматкерди аныктайт.

1.4. Уюштуруу тобунун милдеттери:

· Конкурсту өткөрүү боюнча маалыматты жарыялоо;

· Конкурска берилген материалдардын тууралыгын, аткарылган иштерге дал келүүсүн текшерүү үчүн конкурсттук комиссия курамын түзөт;

· Конкурска түшкөн материалдарды калыс баалоо жана конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты университеттик конкурсттук комиссияга жиберүү;

1.5. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн конкурсттук комиссия түзүлөт. Ал ректордун буйругу менен бекитилет.

2. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби

2.1. Конкурс эки этапта өткөрүлөт:

1-этап – факультеттин мыкты кызматкерин аныктоо;

2-этап – университеттин мыкты кызматкерин аныктоо.

2.2. 1-этапта тиешелүү болүмдөр сунуштаган кызматкерлердин документтерин факультеттин же институттун конкурстук комиссиясы карайт, конкурска катышууга көрсөтүлгөн талапкердин негизги документтери болуп кызматкердин ишмердүүлүгүн мүнөздөгөн материалдар саналат.

Факультеттин же институттун конкурстук комиссиясы конкурска берилген материалдарды баалап, жеңүүчүнү аныктоо боюнча сунуш даярдайт. Конкурстук комиссия сунуштаган талапкерлер университеттин конкурстук комиссиясына сунушталат.

Университеттин конкурстук комиссиясына төмөнкү документтер сунушталат:

· Факультеттин же институттун конкурстук комиссиясынын сунуштамасы;

· Жеңүүчү деп табылган кызматкердин резюмеси, сүрөтү (электрондук түрдө)

2.3. 2-этапта университеттин конкурстук комиссиясы сунушталган кызматкер тууралуу маалыматты БатМУнун сайтына жайгаштырат. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо www.batmu.kg сайты аркылуу добуш берүү менен жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн графиги жана мөөнөтү комиссия тарабынан түзүлөт. Көп добушка ээ болгон кызматкер женүүчү деп табылат. Жыйынтыгында 1-2-орунду алган жеңүүчүлөр аныкталат.

3. Конкурска катышуучу кызматкердин ишмердүүлүгүн баалоо көрсөткүчтөрү

3.1. Кызматкердин иш планы жана анын аткарылышы (акыркы 1 жылдык)

3.2. Акредитатцияга керектелүүчү документтерди даярдашы

3.3 Сертификаттары, сыйлыктары

3.4 Өзүнүн өмүр баяны жана ишмердүүлүгү боюнча презентация (5 минутка чейинки слайт, видеоролик)

4. Конкурстун өтүү мөөнөтү.

4.1. Конкурсту өткөрүү мөөнөтү комиссия тарабынан аныкталат.

5. Конкурсту жарыялоо жана анын жыйынтыктарын маалымдоо

5.1. Конкурсту өткөрүү боюнча жарыя жана анын жыйынтыктары, жеңүүчүлүрү боюнча маалымат университеттин жана институттардын сайттарында, “Билим ордо” гезитинде жана агитациялык стенддерде жарыяланат.

6. Конкурстун лауреаттарын сыйлоо тартиби

6.1. Конкурстун жыйынтыгы университеттин ректорунун буйругу менен жарыяланат.

6.2. Конкурстун жеңүүчүлөрү дипломдор менен сыйланат. Дипломдор жылдын аягында салтанаттуу аземде тапшырылат.

7. Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби

7.1. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул жобо бекитилген тартипте киргизилет.

БатМУнун

“Жылдын мыкты окутуучусу”

конкурсу жөнүндө

жобосу

1. Жалпы жоболор

1.1. “Жылдын мыкты окутуучусу” конкурсу педагогикалык ишмердүүлүгүндө жогорку жетишкендиктерди көрсөтө алган, өз тажрыйбасын жайылткан жана жетишкен ийгиликтери үчүн сыйланган окутуучуларды аныктоо максатында өткөрүлөт.

1.2. Конкурска университеттин жана анын институттарынын профессордук-окутуучулар курамынын штатына кирген окутуучулар катыша алат.

1.3. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча ар бир окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдө уюштуруу тобу түзүлөт, алар кафедра көрсөткөн талапкерлердин арасынан конкурска катышууга татыктуу окутуучуну аныктайт.

1.4. Уюштуруу тобунун милдеттери:

· Конкурсту өткөрүү боюнча маалыматты жарыялоо;

· Конкурска берилген материалдардын тууралыгын, аткарылган иштерге дал келүүсүн текшерүү үчүн конкурсттук комиссия курамын түзөт;

· Конкурска түшкөн материалдарды калыс баалоо жана конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты жалпы университеттик конкурсттук комиссиясына жиберүү;

1.5. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн конкурсттук комиссия түзүлөт. Ал ректордун буйругу менен бекитилет.

2. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби

2.1. Конкурс эки этапта өткөрүлөт:

1-этап – факультеттин мыкты окутуучусун аныктоо;

2-этап – университеттин мыкты окутуучусун аныктоо.

2.2. 1-этапта кафедралар сунуштаган окутуучулардын документтерин факультеттин конкурстук комиссиясы карайт, конкурска катышууга көрсөтүлгөн талапкердин негизги документтери болуп кафедранын отурумунун протоколу жана окутуучунун педагогикалык ишмердүүлүгүн мүнөздөгөн материалдар саналат.

Факультеттин конкурстук комиссиясы конкурска берилген материалдарды баалап, жеңүүчүнү аныктоо боюнча сунуш даярдайт. Конкурстук комиссия сунуштаган талапкерлер факультеттин кеңешинде талкууланып университеттин конкурстук комиссиясына сунушталат.

Университеттин конкурстук комиссиясына төмөнкү документтер сунушталат:

· Факультеттин конкурстук комиссиясынын сунуштамасы;

· Жеңүүчү деп табылган окутуучунун резюмеси, сүрөтү (электрондук түрдө)

2.3. 2-этапта университеттин конкурстук комиссиясы сунушталган окутуучу тууралуу маалыматты БатМУнун сайтына жайгаштырат. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо www.batmu.kg сайты аркылуу добуш берүү менен жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн графиги жана мөөнөтү комиссия тарабынан түзүлөт. Көп добушка ээ болгон окутуучу женүүчү деп табылат. Жыйынтыгында 1-2-орунду алган жеңүүчүлөр аныкталат.

3. Конкурска катышуучу окутуучулардын ишмердүүлүгүн баалоо көрсөткүчтөрү

3.1. Окуу иштери:

· Окуткан дисциплиналары боюнча студенттердин жетишүүсүнүн жыйынтыктары;

· Окуу процессинде заманбап техникалык каражаттарды пайдалануу;

· Окутуунун активдүү жана интерактивдүү формаларын пайдалануу (“кейс”, ишкердик оюндар, окутуу программалар, тренингтер ж.б.у.с.);

· Баллдык-рейтингтик системаны колдонуу.

3.2. Усулдук иштери:

· Окуу-усулдук адабияттарды (окуу китептери, окуу жана окуу-усулдук колдонмолор, усулдук сунуштамалар) басып чыгаруу, анын ичинде гриф менен;

· Окуу процессине киргизилген окутуунун активдүү жана интерактивдүү формаларынын жана окутуу методдорунун усулдук жана дидактикалык жактан камсыздыгы;

· Электрондук курстарды иштеп чыккандыгы;

· Ачык сабактарды өткөргөндүгү;

· Электрондук окутуунун технологияларын пайдалангандыгы.

3.3. Окутуучунун квалификациясы:

· Жогорку билим берүү тармагында жетишкендиктери үчүн ардактуу наамдарга ээ болгондугу;

· Квалификациясын жогорулатуусу.

3.4. Илимий-изилдөө иштери:

· Илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөндүгү;

· Басмадан чыккан макалалары, алардын ичинен ЖАКтан (жогорку аттестациялык комиссия) жактырылган адистештирилген журналдарда жана илимий басмаларда, РИНЦ, Scopus;

· Илимий жана илимий-усулдук-практикалык конференцияларда, семинарларда жана симпозиумдарда катышуусу;

· Студенттердин илимий-изилдөө иштерин уюштурууда катыштыгы.

3.5. Тарбия иштери:

· Студенттик окуу тайпаларында куратордун милдеттерин аткаруу;

· Студенттерди университеттик, шаардык, аймактык жана эл аралык мелдештерге, олимпиадаларга, конкурстарга катышуусун уюштуруу;

· Студенттик кеңештин ишине катышуу.

3.6. Өткөн жылдын (2018-ж.) жетишкендиктери гана каралат.

4. Конкурстун өтүү мөөнөтү.

4.1. Конкурсту өткөрүү мөөнөтү комиссия тарабынан аныкталат.

5. Конкурсту жарыялоо жана анын жыйынтыктарын маалымдоо

5.1. Конкурсту өткөрүү боюнча жарыя жана анын жыйынтыктары, жеңүүчүлүрү боюнча маалымат университеттин жана институттардын сайттарында, “Билим ордо” гезитинде жана агитациялык стенддерде жарыяланат.

6. Конкурстун лауреаттарын сыйлоо тартиби

6.1. Конкурстун жыйынтыгы университеттин ректорунун буйругу менен жарыяланат.

6.2. Конкурстун жеңүүчүлөрү дипломдор менен сыйланат. Дипломдор жылдын аягында салтанаттуу аземде тапшырылат.

7. Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби

7.1. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул жобо бекитилген тартипте киргизилет.

 Жалпы жоболор 

 “БатМУнун мыкты студенти”

 конкурсу окууда жана ар түрдүү иш-чараларда жогорку жетишкендиктерди көрсөтө алган студенттерди аныктоо максатында өткөрүлөт.

1.2. Конкурска БатМУнун институттарынын жана Башкы мекеменин студенттери гана катыша алат.

1.3. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча ар бир окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдө уюштуруу тобу түзүлөт, алар конкурска сунушталган талапкерлердин арасынан конкурска катышууга татыктуу студентти аныктайт.

1.4. Уюштуруу тобунун милдеттери:

· Конкурсту өткөрүү боюнча маалыматты жарыялоо;

· Конкурска берилген материалдардын тууралыгын, аткарылган иштерге дал келүүсүн текшерүү үчүн конкурсттук комиссия курамын түзөт;

· Конкурска түшкөн материалдарды калыс баалоо жана конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты жалпы университеттик конкурсттук комиссиясына жиберүү;

1.5. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн конкурсттук комиссия түзүлөт. Ал ректордун буйругу менен бекитилет.

2. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби

2.1. Конкурс эки этапта өткөрүлөт:

1-этап институттардын “Мыкты студентин” аныктоо;

2-этап “БатМУнун мыкты студентин” аныктоо.

2.2. 1-этапта окуу-түзүмдүк бөлүмдөр сунушталган студенттердин документтерин конкурстук комиссиясы карап, берилген материалдарды баалап, жеңүүчүнү аныктоо боюнча сунуш даярдайт (белгиленген баалоо чен-өлчөм боюнча).

Университеттин конкурстук комиссиясына төмөнкү документтер сунушталат:

· Уюштуруу тобунун сунуштамасы

· Жеңүүчүнүн сүрөтү, резюме (электрондук түрдө)

2.3. 2-этапта университеттин конкурстук комиссиясы сунушталган студент тууралуу маалыматты БатМУнун сайтына жайгаштырат. Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо www.batmu.kg сайты аркылуу добуш берүү менен жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн графиги жана мөөнөтү комиссия тарабынан түзүлөт. Көп добушка ээ болгон студенттер женүүчү деп табылат. Жыйынтыгында 1-2-орунду алган жеңүүчүлөр аныкталат.

3. Конкурска катышуучу студенттердин ишмердүүлүгү, көрсөткүчтөрү

3.1. Окууда жетишкен ийгиликтери:

· Студенттин сессиялардагы жетишкендиктери

· Интелектуалдык таймаштардагы көрсөткүчтөрү

3.2 Предметтик олимпиададагы көрсөткүчтөрү:

· Факультетте өткөрүлгөн олимпиададагы ийгиликтери

· Бөлүмдөрдө өткөрүлгөн олимпиададагы көрсөткүчтөрү

· Башкы мекеме жана анын окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосунда өткөрүлгөн олимпиададагы жетишкендиктери

· Түштүк регионалдык ЖОЖдор арасында өткөрүлгөн олимпиададагы ийгиликтери

3.3. Илимий-изилдөө иштери:

· Макалалары

3.4. Ар түрдүү коомдук-маданий, спорттук иш-чараларга катышуусу:

· Маданий-эстетикалык кароо-сынактардагы көрсөткүчтөрү

· Университеттик, шаардык, аймактык жана эл аралык спорттук мелдештерге катышуудагы ийгиликтери

4. Конкурстун өтүү мөөнөтү.

4.1. Конкурсту өткөрүү мөөнөтү комиссия тарабынан аныкталат.

5. Конкурсту жарыялоо жана анын жыйынтыктарын маалымдоо