Спидге каршы күрөшүү күнүн утурлай

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы укуктуу өкүлүнүн атайын буйругунун негизинде 2019-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин “Коомчулук көңүл буруунун борборунда” аттуу бир айлыктын алкагында үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында БатМУнун Сүлүктү аймактык институтундагы китепканачысы Айтемирова Жылдыз Умаркуловна, Филологиялык жана педагогикалык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу Мадмуратова Замира Гүлбаевнанын жетекчилиги астында Педагогика жана экономика факультетинин Педагогика багытынын Педагогика жана башталгыч билим берүү усулу профилинин күндүзгү бөлүмүнүн 1-курсунун П-1-19 окуу тайпасынын студенттери тарабынан 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИД ооруусуна каршы күрөшүү күнүнө карата “СПИД кылым коркунучу” деген аталыштагы тарбиялык-маданий иш чара өткөрүштү. Иш чаранын алкагында студенттер өлкөбүздө ден-соолук, биримдик, туруктуулук, сүйүү, ишеним орун алса биз СПИДди жеңе алабыз деген ураан менен чыгып бүгүнкү күндөгү эң коркунучтуу жана өтө тездик менен жайылып бара жаткан XXI кылымдын чумасы СПИД дарты, ВИЧ инфекциясы тууралуу жана коркунучтуу илдеттин алдын алуу, ооруунун жугуу жана сактануу жолдору, сергек жашоо мүнөзү боюнча атайын маалыматтар берүү менен презентациялар көрсөтүлүп, докладдар окулуп, студенттер менен суроо-жооптор уюштурулду. Тема боюнча СПИД жана наркомания проблемаларын чагылдырган сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүү менен мекен, ден-соолук боюнча музыкалык номерлер менен бирге, макал-ылакаптар, учкул сөздөр айтылды. Иш чарага окуу жайыбыздын директору Ы.Т.Тороев катышып, ал өз сөзүндө өткөрүлгөн кеченин тарбиялык жана профилактикалык мааниде болгондугун белгилөө менен окуу жайдагы башка окуу тайпаларынын арасында да бир айлыктын алкагында атайын сынактар өткөрүлүлүүсүн, дил баян, жат жазуулар жазылып алынуусун, атайын бурчтар түзүлүүсүн сунуштады. Тарбиялык кечеге 1-курстун жалпы студенттери, окуу тайпалардын кураторлору катышышты.

Жыйынтыгында өткөрүлгөн тарбиялык-маданий иш-чара анализденип, окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы У.А.Дехканов, жетектөөчү адиси М.Ж.Сайдалиев, факультеттин деканы ф.и.к. А.М.Байгесеков, декандын орун басары А.М.Авязова, окутуучулар М.Ш. Садыков, З.Ш.Салиева, Г.Ш.Дусалиева, З.Х.Абдурахманова, Р.РКадыралиевалардын айтуусу боюнча аталган кече уюштуруу жагынан да мазмуну жагынан да абдан кызыктуу өткөрүлгөндүгүн баса белгилешти.

БатМУ САИнин филологиялык жана

педагогикалык билим берүү кафедрасынын

башчысы, ага окутуучу Канназарова Б.У.