Баткен мамлекеттик университетинин Табият таануу жана педагогика факультетинин “Филологиялык билим берүү” кафедрасына Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ага окутуучусу Г.Т. Акунова жана Нарын мамлекеттик университетинин филология илимдеринин кандидаты, ” Дуйнөлүк тилдер” кафердасынын башчысы

А.С Айдаралиева англис тили адистигинде окуп жаткан студенттер үчүн англис тилин окутуунун методикасы боюнча лекция жана тренинг өтүштү. Тренинг  кызыктуу ыкмалар менен айкалышып, студенттер үчүн бир топ маанилүү жана кызыктуу болду. Тренингтин аягында конок лекторлор БатМУнин атайын сертификаттарына ээ болушту.