Румынияда акысыз билим алыңыз. 85 гранттык орун үчүн сынак жарыяланат

Кыргызстандыктар 2020-2021-окуу жылында Румыния мамлекетинин жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн жарыяланган сынакка катышса болот.

Гранттык орундардын жалпы саны 85. Сынакка Европа биримдигинен башка бардык мамлекеттин жарандары катыша алат.

Программалар:

бакалавриат;
магистратура;
докторантура.

Бакалавриат жана магистратура программаларына катышууну каалагандардын жашы – 35, ал эми докторантурага тапшыргандардын жашы 45тен жогору болбошу керек.

Окутуу румын тилинде жүргүзүлөт, билбегендер биринчи окуу жылын тил үйрөнүүгө багыттайт.

Билдирмелер 16-мартка чейин тапшырылуусу керек.

Талаптар, шарттар жана билдирме формасы боюнча кеңири маалыматты программанын расмий сайтынан алса болот ( https://www.mae.ro/en/node/10251).

Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы

Баткен мамлекеттик университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмү.

Үсөнов Иса Мурзапарович