Кутман курак.

50 жаш.

         ЭМГЕГИНЕН БААР ТАПКАН АГАЙ

2020-жылдын 28-январында “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында жана Табигый илимдер жана маалымат технологиялар кафедрасынын доцентинин м.а. ф.м.-и.к., Ж.О.Толубаевдин 50 жылдыгына карата уюштурулган  «Математиканы окутууда окутуунун жаңы технологияларын колдонуу – учурдун талабы» аттуу семинар БатМУ САИде болуп өттү.

Семинар Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү аймактык институтунун Педагогика жана экономика факультетинин Табигый илимдер жана маалымат технологиялар кафедрасы жана Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн №4 Р. Жолбаев атындагы орто мектебинин дирекциясы тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.

Ал БатМУ САИ жана Сүлүктү шаардык, Лейлек райондук билим берүү бөлүмдөрү менен кызматташууну бекемдөө, мектеп мугалимдерине усулдук жардам көрсөтүү, математиканы окутууда окутуунун жаңы техналогияларын  колдонуу менен билим сапатын көтөрүү, мектептин бүтүрүүчүлөрүн математика сабагы боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоонун айрым өзгөчөлүктөрүн колдонуу менен ЖРТнын баллдарын жогорулатууга жетишүү жана математиканы окутууда окутуунун жаңы техналогияларын колдонууну Сүлүктү шаардык жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн мектептеринде окуучулардын билим сапатын көтөрүү үчүн жайылтуу максатында уюштурулду.

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга даярдануунун өзгөчөлүктөрү боюнча Сүлүктү шаарындагы №4 Р. Жолбаев атындагы орто мектебинде сабак өтүү учурунда.

Семинарга БатМУнун башкы мекемесинин өкүлдөрү БатМУнун окуу иштери боюнча проректору т.и.к., доцент Шеров Шайырбек Бийжанович, БатМУнун окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы ага окутуучу Исмаилова Асылгүл Маликовна, БатМУнун сапат бөлүмүнүн башчысы э.и.к., доценттин м.а. Борубаева Гульбара Назырбековна, БатМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы п.и.к., доцент Холбеков Нуридин Олимович, БатМУнун дене тарбия окутуучусу Пирматов Абдилазиз Пирматович, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү Лейлек районундагы №5 гимназия-мектебинин математика мугалими, райондук билим берүү бөлүмүнүн Математика жана информатика секциясынын жетекчиси Шооруков Бакытбек Абдибахапович, Исфана шаарындагы А.Навои атындагы орто мектебинин алдыңкы тажырыйбалуу математика мугалими Тажибаева Айгүл Эшназаровна,  Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исманов Абдивахап Жалилович, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн кошундар кеңешинини төрөгасы Кудаяров Канатбек Сапарович, Сүлүктү шаарындагы №4 Р. Жолбаев атындагы орто мектебинин директору Ырысова Нүргүл Анарбаевна,  №4 Р. Жолбаев атындагы орто мектебинин эмгек жамааты, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептеринин математика мугалимдери, ошондой эле атайын чакырылган коноктор, БатМУ САИнин жалпы профессордук-окутуучулар жана студенттер жамааты, жалпысынын 80ден ашуу катышуучулар катышышты.

Семинардын алдында Табигый илимдер жана маалымат технологиялар кафедрасынын доцентинин м.а. ф.м.-и.к., Ж.О.Толубаевдин жетишкендиктеринин жана эмгектеринин көргөзмөсү менен таанышышты. Мындан сырткары ф.м.-и.к., Ж.О.Толубаевдин өмүр таржымалы видео тасма көрсөтүлдү.

Семинардын ачылышында маараке ээсин куттуктоо жана семинарды ачуу үчүн Сүлүктү аймактык институтунун директору Ы.Т.Тороев сөз сүйлөп, ал өз сөзүндө семинардын ишине ийгилик каалап, Табигый илимдер жана маалымат технологиялар кафедрасынын доцентинин м.а. ф.м.-и.к., Ж.О.Толубаевдин 50 жылдык юблейи менен куттуктап, агайдын кыскача өмүр таржымалына токтолуп кетти. Толубаев Жооро Осмонович 1969-жылы 30-мартта туулган. 1986-1993-ж.ж. КМУнин механика математика факультетин артыкчылык диплому менен аяктап “математик окутуучу” квалификациясына ээ болгон. Өзүнүн эмгек жолун 1993-1995-жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз тоо-кен инсититутунда окутуучулук кызматты аркалап баштаган. 1995-1997-жылдары ЖАКИде окутуучу, 1997-1999-жылдары ЖАМУда окутуучу жана 1999-жылдан баштап азыркы күнгө чейин БатМУ СГЭИде ага окутуучу, декандын орун басары, окуу-усулдук бөлүмүндө жетектөөчү адис, билим сапатын текшерүү боюнча инспектор, бөлүм башчысы, директорунун окуу, илим изилдөө жана тарбиялык иштери боюнча орун басары, институттун директору кызматтарын аркалаганын, азыркы учурда табигый илимдер жана маалымат технологиялар кафедрасында доценттин милдетин аткаруучу болуп үзүрлүү эмгектенип келе жаткандыгын, 2016-жылы физика-математика илимдеринин кандидаты наамын алган, 2003-2020-жылдары 42 илимий макалалары жана 19 окуу-усулдук колдомолору жарык көргөн. Өзүнүн билимин жогорулатуу боюнча 8 сертификатка ээ. Окутуунун жаңы усулдарын колдонуп сабактарды өтөт. КР ББИМ Ардак грамотасы, БатМУнун жана БатМУ СГЭИнин грамоталары, Сүлүктү шаардык мэриясынын Ардак грамотасы, “Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси. 2018-2019-окуу жылында БатМУнун структуралык бөлүмдөрүнүн арасында өткөрүлгөн «Үлгүлүү үй-бүлө» конкурсунун жеңүүчүсү, «БатМУнун Үлгүлүү үй-бүлө» наамынын ээси. Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы экендигин белгилеп кетти.

Кийинки куттуктоо сөзгө чыккан БатМУнун окуу иштери боюнча проректору т.и.к., доцент Шеров Шайырбек Бийжанович семинардын ишине ийгилик каалоо менен маараке ээсин куттуктоо сөзүндө: сизди БатМУнун жалпы эмгек жамаатынын, ректораттын жана өзүмдүн атымдан кутман курак – эр ортону 50 жашка толушуңуз менен ак дилибизден арнаган куттуктообузду кабыл алыңыз! Келечекте Кыргыз элинин чыгаан уулдарынын катарынан өз ордуңузду табыш үчүн, Жоро Осмонович, жаштайыңыздан эмгекке бышып, аракетчил жана ар түрдүү илимдерге кызыккан жаш уландан бүгүнкү бийик даражаңызга жетишкенсиз. Келечекке жетелеген үмүтүңүз Кыргыз мамлекеттик университетиндеги эң кыйын деп эсептелген математика факультетине өтүшүңүзгө жана аны артыкчылык диплому менен бүтүрүүгө жеткирген келечек бактыңызды илимден издеп 2016-жылы физика-математика илимдеринин кандидаты наамын коргоп, илимий даражаңызды өстүрүп келесиз. Өмүрүңүздүн жарымынан көбүн же 27 жылын жаш муундарды окуу-тарбия иштерине арнап, талыкпай эмгектенип келесиз жана ал аркылуу БатМУнун өнүгүүсүнө өз салымыңызды кошуп, кадыр баркка ээ болуп олтурасыз. Илимий жана ушуга чейинки кызматтык жетишкендиктериңиз да өзүңүздүн иш билгилигиңиздин натыйжасы. Азыркы кезде да алгылыктуу иштеп жаткандыгыңызга күбөбүз. Сизге бекем ден-соолук, узак өмүр, үй-бүлөңүзгө аманчылык, кесиптик ишмердигиңизге дагы да ийгиликтерди каалайбыз деп токтолуп кетти.

Андан кийин куттуктоо сөзгө БатМУнун окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы ага окутуучу А.М.Исмаилова, БатМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы п.и.к., доцент Н.О.Холбеков, Лейлек районундагы №5 гимназия-мектебинин математика мугалими Б.А.Шооруков, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Исманов,  Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн кошундар кеңешинини төрөгасы К.С.Кудаяров жана Сүлүктү шаарындагы №4 Р. Жолбаев атындагы орто мектебинин директору Н.А.Ырысовлар чыгышты.

Семинарда программага кийирилген төмөндөгү беш баяндама окулду жана талкууланды.

Сүлүктү шаарындагы Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектебинин математика мугалими Каюмова Гүлмира Мисиратиллаева «Эмгегинен баар тапкан математик агай», ф.-м.и.к., Табигый илимдер жана маалымат технологиялар кафедрасынын доцентинин м.а. Толубаев Жоро Осмонович «Математиканы окутууда окутуунун жаңы технологияларын колдонуунун орду», ф.-м.и.к., Табигый илимдер жана маалымат технологиялар кафедрасынын доцентинин м.а. Байгесеков Абдибаит Мажитович «Окуучуларды математика боюнча ЖРТга даярдоонун айрым өзгөчөлүктөрү», Исфана шаарындагы А.Навои атындагы орто мектебинин алдыңкы тажырыйбалуу математика мугалими Тажибаева Айгүл Эшназаровна «Жаңы предметтик стандарттын негизинде компетенттүү окуучуну калыптандырууда математика сабагында интерактивдүү ыкмаларды колдонуу» жана Сүлүктү шаарындагы Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектебинин математика мугалими Темирбаева Нуржамал Паттаевна «Окутуунун интерактивдүү усулдарын өздөштүрүү менен математика сабагында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу».

Семинардын жүрүшүндө окутуучулар өз иш тажрыйбасын жайылтуу менен катар окулган баяндамаларда актуалдуу темалар көтөрүлүп, конференциянын катышуучулары өз баяндамаларында коомчулукту, студенттерди, жаштарды маданияттуулукка, эмгекчилдикке, жоопкерчиликке, патриоттуулукка, максаттуу жана натыйжалуу эмгектенүүгө үгүттөгөн, шаарыбыздын экономикасынын, билим берүүнүн өнүгүүсүнө арналган жана жалпы эле илимий-изилдөөнүн багыттары боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү камтыган темаларга токтолушту, жаны маалымат технологияларынын бүгүнкү күндөгү ролу жана перспективаларын баса белгилешти.

Окулган баяндамалар боюнча жарыш сөзгө БатМУнун окуу иштери боюнча проректору т.и.к., доцент Шеров Шайырбек Бийжанович, БатМУнун окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы ага окутуучу Исмаилова Асылгүл Маликовна, БатМУнун сапат бөлүмүнүн башчысы э.и.к., доценттин м.а. Борубаева Гульбара Назырбековна, БатМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы п.и.к., доцент Холбеков Нуридин Олимович, БатМУ САИнин Филологиялык жана педагогикалык билим берүү кафедрасынын доцентинин м.а., ф.и.к. Ш.Д.Эржигитова, кафедранын ага окутуучусу, КР Эмгек сиңирген мугалими Ы.С.Эралиев, БатМУ САИнин ОКБББнүн башчысы А.К.Шерова, Экономика, укук жана маалымат технологиялары кафедрасынын окутуучусу К.Мавлянова, Сүлүктү шаарындагы №4 Р. Жолбаев атындагы орто мектебинин мугалими А.Садыкова, Сүлүктү шаарындагы №7 И Раззаков атындагы орто мектебинин математика мугалими Г.Каримова, Сүлүктү шаарындагы №1 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин математика мугалими З.М.Жайнаковалар чыгышты жана алар өз сөздөрүндө семинардын актуалдуулугун, натыйжалуулугун жана өз убагында өткөрүлгөндүгүн баса белгилешти.

Семинардын жыйынтыгында семинардын катышуучулары тарабынан  10 бөлүмдөн турган резолюция-чечимди кабыл алышты.

А.М.Байгесеков,

ф.-м.и.к., Педагогика жана экономика

факультетинин деканы,

БатМУ САИ,

Сүлүктү шаары.