Баткен мамлекеттик университетинин Башкы мекемесинде жайгашкан Баткен Америка Ресурстук Борборунда 28-февраль күнү БатМУнун жалпы структуралык окуу бөлүмдөрүндө Англис тили адистигинде окуп жаткан студенттер арасында Spelling bee 2020 конкурсу болуп өттү. Программаны Кыргызстандагы Америка Элчилиги тарабынан каржыланды. Жыл сайын өтүп жаткан конкурска Кызыл-Кыя педагогикалык институту жана Сүлүктү аймактык институтунда окуп жаткан билимдүү студенттер арасында болуп өттү. Аталган программаны Баткен АРБ координатору Үсөнов Иса Мурзапарович өзү жетектеди. Калыстардын чечими менен  1-орунга Анварбек кызы Назгүл, 2-орунга Сапарбаева Саида, 3-орунга Азиз уулу Уланбек ээ болушту. Жеңүүчүлөр апрель айында Бишкек шаарында боло турган аймактык жарышка жолдомо алышты.

На изображении может находиться: 6 человек, люди стоят

На изображении может находиться: 1 человек, стоит

На изображении может находиться: 7 человек, люди сидят, стол и в помещении

На изображении может находиться: 1 человек, стоит и в помещении