XI ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК СИМПОЗИУМ

“Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата Кыргыз билим берүү академиясы, Талас мамлекеттик университети жана “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду тарабынан 2020-жылдын 18-19-апрелинде уюштурулуучу «САЛТТУУ БИЛИМ ЖАНА ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАР: БАЛАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨГҮ ЖАНА ТАРБИЯЛООДОГУ ЖАҢЫ МАМИЛЕЛЕР» аттуу симпозиум өткөрүлөт.

Илимий симпозиумга өлкөбүздүн билим берүү тармагынын өкүлдөрү: мугалимдер, илимпоздор, тийиштүү мамлекеттик кызматчылар, коомдук ишмерлер ж. б. катышат.

ӨТКӨРҮҮ КҮНҮ: 2020-жыл, 18-19-апрель.

ӨТКӨРҮҮ ДАРЕГИ: Талас ш., К. Нуржанов аллеясы, 25, Талас мамлекеттик университети.

СИМПОЗИУМДУН МАКСАТЫ – “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында, ааламдашуу шартында билим берүүдөгү жана тарбиялоодогу перспективдүү багыттарды аныктап, өнүгүү стратегияларын талкуулоо жана республиканын компетенттүү мугалимдеринин иш тажрыйбасын жайылтуу.

Кыргызстандын келечеги – жаш муундар, ал эми алардын келечеги билим берүү системасынан түздөн-түз көз каранды.

Учурда заманбап инсанга болгон талаптар жогорулоодо, андан жалпы эле билимдүүлүк менен маданияттуулукту гана күтпөстөн, анын азыркы эмгек рыногунда ийгиликтүү болуусу жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн аныктоочу кошумча сапаттары болушу зарыл. Демек, билим берүүнүн максаты – компетенттүү инсанды тарбиялап, калыптандыруу.

СИМПОЗИУМДА КАРАЛЧУ МАСЕЛЕЛЕР:

1. Салттуу билим жана ааламдашуу: билим берүүнүн жана тарбиялоонун алдыңкы тажрыйбалары;

2. ХXI кылымдын компетенттүүлүктөрү жана баалоо;

3. Баланы өнүктүрүүдөгү жана тарбиялоодогу жаңы мамилелер;

4. Мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү жана үзгүлтүксүз билим алуу;

5. Окуу каражаттары – маалыматтык технологиялардын шартында;

6. Жаш педагогдордун даярдыгы жана аларга колдоо көрсөтүү жолдору;

7. Санариптештирүү процесси жана билим берүүдөгү өзгөрүүлөр;

8. Ата-эне, коомчулук менен мектептин ортосундагы байланыш.

СИМПОЗИУМДУН ИШИНИН ЖҮРҮШҮ:

1. Конференциянын ачылышы;

2. Пленардык отурум;

3. Секциялык жыйындар;

4. Жыйынтыктоо, сертификаттарды жана сыйлыктарды тапшыруу аземи.

СИМПОЗИУМДУН ЖЫЙЫНТЫГЫНДА МЫКТЫ МАКАЛАРГА ТӨМӨНКҮ СЫЙЛЫКТАР ЫЙГАРЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тил” төш белгиси жана алкыш баракчалары;

2. Кыргыз билим берүү академиясынын ардак грамотасы жана алкыш баракчалары;

3. “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фондунун алкыш жана ыраазычылык баракчалары;

ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

Жарыялоо үчүн 5-7 барак көлөмүндөгү жеке автор тарабынан да, автордук жамаат тарабынан да аткарылган илимий макалалар, баяндамалар, билдирүүлөр кабыл алынат. Текст дыкат текшерилип, редакцияланышы зарыл (макаланын сапатына, маанисине автор жооптуу).

1. Макалалар Microsoft Word тексттик редакторунда аткарылуусу зарыл.

2. Макаланын көлөмү 5-7 бет, түйүндүү сөздөр 8-10 түшүнүк, аннотация 6-8 сап.

3. Тили – кыргыз, орус, англис тилдеринде.

4. Барактын өлчөмү – А4, барактын багыт алуусу – «китептик».

5. Барактын жээктери – бардык тарабынан 2 см.

6. Шрифти – «Times New Roman», өлчөмү – 14 (аннотация жана түйүндүү сөздөр үчүн өлчөмү – 12, интервалы бирдик).

7. Макаланын биринчи абзацы: ортодо – автордун (авторлоштордун) Ф.А.А.

8. Макаланын экинчи абзацы: ортодо – макаланын толук аталышы (баш тамгалар менен).

9. Макаланын үчүнчү абзацы: оңдо – уюмдун аталышы жана жайгашкан жери берилет.

10. Уюмдун аталышынан жана жайгашкан жеринен 1 интервалдан соң аннотация, андан ары түйүндүү сөздөр келет, алардан 1 интервалдан соӊ – макаланын тексти берилет.

Сүрөттөрдүн аталышы жана номери алардын астында, жадыбалдардын аталышы жана номери үстүндө көрсөтүлөт. Сүрөттөр менен жадыбалдардын аталыштары «Times New Roman» шрифти менен таризделет, өлчөмү – 12. Жадыбалдарда да «Times New Roman» шрифтин колдонуу керек, өлчөмү – 12, сап аралык интервал – бирдик. Адабияттарга шилтемелер чарчы кашааларда берилет. Адабияттардын тизмеси алфавиттик тартипте сөзсүз берилүүсү кереК.

МАКАЛАЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ:

Макалалар кыргыз, орус, англис тилдеринде 2020-жылдын 3-апрелине чейин simpozium.kg2020@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүлөт. Кабыл алуу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып, 15 күндүн ичинде комиссия мүчөлөрү карап, жыйынтыктар

чыгарылат. Комиссиянын кароосунан өткөн, симпозиумга катышууга жолдомо алган макалалар аныкталган күндөн тартып, авторлор 1500 сом өлчөмүндө уюштуруучулук мүчө акыны төлөөсү абзел. Төлөмдөр төмөнкү реквизиттер аркылуу кабыл алынат:

БИК: 118001, Демир Кыргыз Интернешнл Банк,

Эсептик счету: 1181000500053851 Төлөм коду: 711000

Катышуучулардын бир тарап жол акысы (унаа жолу) “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду тарабынан каржыланат.

Окула турган баяндамалар ХI илимий симпозиумдун атайын жыйнагына киргизилип, симпозиум өтчү күнү акысыз таратылат. Мыкты деп таанылган макалаларды авторлор өз каалоолору боюнча “Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары” журналына белгиленген акысын төлөп жарыялаганга мүмкүнчүлүгү болот (Журнал РИНЦке катталган. Макалалар 9 упай менен бааланат).

КАТЫШУУЧУНУН КАТТАЛУУ КАРТАСЫ:

Катышуучунун катталуу картасы сөзсүз толтурулуп, макаланын электрондук түрү, уюштуруучулук мүчө акынын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү менен чогуу жогоруда көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек.

Катышуучунун катталуу картасы

Автордун (авторлоштордун) Ф. А. А.

(толугу менен)

Макаланын аталышы

Секциянын номери жана аталышы

Уюлдук телефону

Үй телефону (шаардын коду менен)

Е-mаil-дареги

Иштеген жери

Кызматы

Окумуштуулук даражасы, наамы

УЮШТУРУУ КОМИТЕТИНИН ДАРЕКТЕРИ:

Бардык суроолор боюнча төмөнкү электрондук даректерге кат аркылуу же телефон номурларына чалып кайрылсаӊыз болот: Уюштуруу тобунун катчыларынын иш тел.: (0312) 622353; (03222) 43567; (+996) 707 287 099; (+996) 776 923 223.

E-mail: simpozium.kg2020@gmail.com