Билим берүү жана илим министрлиги “Атам, Апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең” деп аталган үй-бүлөлүк китеп окуу саамалыгын жарыялайт.

Үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын калыптандыруу, ата-эне менен баланын мамилесин жакындатуу, үй-бүлөдөгү таалим-тарбия процессин жакшыртуу, ата-эненин баласынын алдындагы жоопкерчилигин арттыруу жана окуучуларды мекенчилдикке, жакшылык жасоого, жардам берүүгө, боорукердикке, ата-энесин сыйлоого, коомго пайдалуу инсан болууга үйрөтүү максатында билим берүү жана илим министрлиги “Атам, Апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең” аттуу саамалыгын баштайт.

Китеп окуу саамалыгына ар бир кыргызстандык үй-бүлө катыша алат.

Министрлик балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана ата-энелерге ылайыктуу китептердин тизмесин сунуштайт. Ата-энелер күн сайын балдары менен биргеликте китеп окушат жана окуган китеби боюнча үй-бүлөлүк талкуу уюштурушат. Окуп бүткөн китебинен алган таасирлери боюнча кыскача эссе жазышат жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнө окуп беришет.

Андан кийин китептин мазмуну жөнүндө жазган эссенин текстин фейсбук баракчасына #үйдө_китеп_окуйбуз деген хэштег менен жайгаштырышы жана социалдык желелер аркылуу башка жарандарга эстафета катары өткөрүп берүүсү керек.

Саамалыкка активдүү катышкан үй-бүлөлөргө белектер ыйгарылат. Эң активдүү катышкандарга Билим берүү жана илим министрлиги “ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨ” номинацияларын тапшырат.

Сынактын жобосу бул жерден жүктөп алсаңыз болот – ЖОБО АТАМ, АПАМ жана МЕН, КИТЕП ОКУЙБУЗ БААРЫБЫЗ ТЕҢ.docx

Урматтуу ата-энелер, дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу үй-бүлөңүздүн кучагында балдарыңыз менен бирге болуп, аларды тарбиялоого көңүл буруп, китеп менен достошууга чакырабыз!

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Толук маалымат алуу https://edu.gov.kg сайтына кириниз.