“МАНАС ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ ДҮЙНӨЛҮК ИЗИЛДӨӨЛӨРДӨ” Эл аралык КОНГРЕССи

(Кыргызстан. Бишкек-Ысык-Көл. 17-20.09.2020)

Кыргыз Республикасынын “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Түрк маданиятынын эл аралык ТҮРКСОЙ уюму Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы Кыргыз Республикасындагы БУУнун билим берүү, илим жана маданият боюнча адистештирилген мекемеси (ЮНЕСКО)

                                                                                                 МААЛЫМАТ КАТ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 31-январындагы № 19 “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы жөнүндө” Жарлыгына, 2019жылдын 3-июнунда КР Өкмөтү тарабынан кабыл алынган “Манас жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясын түзүү жөнүндө № 275-Токтомунуна жана анын 1-тиркемесиндеги Жобого жана анын негизинде кабыл алынган Концепцияга жана Стратегиялык Матрицага негизденип, “Манас” эпопеясынын жана Ч.Айтматовдун улуу руханий дөөлөттөрүн дүйнөгө кеңири жайылтуу максатында 2020-жылдын 17-20-сентябрларында Бишкекте жана Ысык-Көл жээгинде өтүүчү “МАНАС ЖАНА Ч.АЙТМАТОВ ДҮЙНӨЛҮК ИЗИЛДӨӨЛӨРДӨ” аттуу Эларалык КОНГРЕССКЕ чакырабыз.

Жыйындын орду: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик № 1-Ала-Арча резиденциясы, Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы, Ысык-Көл району Конгрессти даярдоону координациялоочу Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын дареги: Кыргыз Республикасы, 720040. Бишкек ш., Искак Раззаков көч., үй 8/1, 8/2

2

Эларалык илимий конгресстин өтүү убактысы: 2020-жыл; 17-20-сентябрлар

Чет элдик коноктордун келе турган күнү: 2020-жылдын 16-сентябрына чейин

Чет элдик коноктордун узап кетчү күнү: 2020-жылдын 20-21-сентябрлары

ЭЛАРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНГРЕССТИН БАГЫТТАРЫ:

1-багыт. – Дүйнөлүк эпостаануучулук 1.1. Эпостаануучулук: методологиялык негиздери жана ыкмалары 1.2. Дүйнөлүк эпостаануучулуктагы жаңы табылгалар 1.3. Манастаануу илими эпостаанучулук илимдин негизги багыты катарында 1.4. Манас эпопеясы – кыргыз жана башка түрк элдеринин тарыхынын, жашоо образынын, каада-салтынын, руханий мурастарынын энциклопедиясы 1.5.Манасчылык – кыргыз элинин руханий өнөрүнүн уникалдуу мурасы 2-багыт. – Дүйнөлүк Айтматовтаануучулук 1.1. Ч.Айтматовдун чыгармачылык мурасын үйрөнүүнүн теориялык жана методологиялык маселелери 1.2. Ч.Айтматовдун философиялык, дүйнөтаануучулук идеялары 1.3. Ч.Айтматов: фольклор жана миф; өтмүш жана учур 1.4. Ч.Айтматов жана ааламдашуу, евразийлик жана регионалдуулук 1.5.Ч.Айтматов жана анын тарыхый инсандык параметрлери

Уюштуруу комитетине келип түшкөн баяндамалардын жана материалдардын тематикасына жараша илимий конгресстин багыттары өзгөрүшү мүмкүн.

Чет өлкөлөрдөн келүүчү коноктордун жол акысы жөнөткөн уюмдар тарыбанан каржыланат. Конгресстин бардык катышуучуларынын тамак-ашы, Бишкек шаарынын ичиндеги жана Ысык-Көл регионуна баруучу транспорттук чыгымдар, ал жактагы жатак чыгымдары Уюштуруу комитети тарабынан каржыланат.

КОНФЕРЕНЦИЯНЫН ЖҮРҮШҮ ЖАНА ТАРТИБИ
Бишкек шаары

I – Конгресстин расмий ачылышы. 2020-ж. 17-сентябрь 08.00 – 14.00. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик № 1-Ала-Арча резиденциясынын Эне-Сай сарайы.

II – “Манас жана Ч.Айтматов боюнча эларалык коомдук бирикме” түзүү аземи. 17-сентябрь. 15.00. – 16.30 – Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы: Кыргыз Республикасы, 720040. Бишкек ш., Искак Раззаков көч., үй 8/1, 8/2

17-сентябрь. 16.30. – 17.30. Конгресстин чет элден келген конокторун жайгаштыруу

17- сентябрь. 17.30. – 19.00. Эркин убакыт

17- сентябрь. 19.00.- 21.00. Кечки тамак

Ысык-Көл району

I. 18-сентябрь. 08.00. -20.00. Ысык-Көл районуна баруу жана жайгашуу
3

II. 19-сентябрь 9.00. – 17.00. Илимий конгресстин секциялык иштери III. 20-сентябрь 9.00. – 12.00. Илимий конгресстин Корутунду жыйыны IV. 20-сентябрь – 13.00. Конокторду узатуу

Кабыл алынган жана редакциялык топтон өткөрүлгөн баяндамалардын тексттери Конгресс башталганга чейин “Манас” жана Айтматов ааламы” журналынын атайын санына жарыяланат.

ИЛИМИЙ КОНГРЕССКЕ КАТЫШУУ ШАРТТАРЫ

Жыйынга катталуу үчүн төмөнкү анкеталык маалымдаманы жана баяндаманын текстин жумушчу топко 2020-жылдын 1-августуна чейин жиберишиңиз керек:  тегатыңыз, атыңыз, атаңыздын аты;  окумуштуулук даражаңыз жана наамыңыз;  иштеген жериңиз, кызматыңыз;  почто дарегиңиз, телефонуңуз;  э-дарегиңиз (е-mail) (сөзсүз көрсөтүү керек);  илимий баяндамаңыздын аталышы;  багыттын аталышы;  (зарыл болгон учурда) техникалык каражат тууралуу суроо-талап.

Илимий жыйындын жумушчу тили: кыргыз, орус жана англис тилдери

Баяндама-макалаларды төмөндөгүдөй тартипте даярдоо зарыл:

Макала-баяндаманы даярдоо эрежеси:

Макаланын көлөмү 7 бетке чейин. Макаланын башында жогорку оң бурчунда автордун тегаты жана аты, окумуштуулук даражасы жана наамы, иш орду, байырлаган шаары, электрондук дареги жазылат. Андан кийин бир интервалдан соң сап ортосунда даана, баш тамгалар менен макаланын темасы берилет. Бир интервалдан соң макаланын аннотациясы (3-7 сүйлөм), ачкыч сөздөр (3-4 сөз) кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилет. Бир интервалдан соң негизги тексти кетет. Барак бетинин калыбы – А4 (21×29.7см). Жээктери: жогорку, астыңкы – 1,5 см, сол жагы – 3см, оң жагы – 1,5 см. Ариби: Times New Roman, өлчөмү 12 пт. Сап арасында 1,5 өлчөмдөгү ара; абзацтын алгачкы сабындагы оңго чегинүү өлчөмү – 1,25 см. Сөз ташууга жол берилбейт. Текст кеңдиги боюнча түздөлөт. Тексттеги шилтемелер чарчы кашаа [ ] ичинде берилет. Чарчы кашаанын ичиндеги шилтеме, тексттин аягында берилген “Колдонулган булактардын жана адабияттардын тизмесинин” катары менен байланыштуу болушу абзел. «Колдонулган булактардын жана адабияттардын тизмеси» – негизги тексттин соңунда бир интервалдан кийинки саптын ортосунда даана тамгалар менен жазылып, алфавиттик катары менен берилиши керек. Текстте берилген чарчы кашаанын ичиндеги шилтемеде тизмедеги катар номур боюнча саны, эгер бети зарыл болсо бетинин саны жазылат. Мисалы [25, 45-бет.].

Макаланы электрондук дарек аркылуу жөнөткөндө тиркелген файлдын аталышы жана электрондук каттын темасы латын ариби менен берилип, анда автордун ысымынан кийин
4

кыска сызыктан соң “Congress” деген ачкыч сөз да камтылууга тийиш. Маселен: Rysbaev_ Congress.doc

Жарыялануучу материалдарды иргеп алуу жана аны жарыялоо Жумушчу тобу тарабынан ишке ашырылат. Илимий талаптарга жооп бербеген жана мөөнөттөн кеч жиберилген макалалар кабыл алынбайт.

Жумушчу тобунун байланыш даректери:

Кыргыз Республикасынын Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы. Бишкек шаары, И.Раззаков көчөсү 8/2 үй. (Эркиндик гүлбагы менен Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилиши) Телефондор: Tел.: +996300507, +996301020 Эл. дарек: ma.akademiasy@gmail.com t.kenensariev@gmail.com