Кирип кележаткан Орозо айт майрамыңыздар маарек болсун!

Баткен мамлекеттик университетинин ректору профессор.,  Абдивап Момунович Зулпуевдин кайрылуусу!

                 Урматтуу кесиптештер, кадырлуу мусулман эли! Орозо айт майрамы – ар бир мусулмандын жан дүйнөсүн тазартып ыйманга, сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө, ынтымакка үндөгөнү талашсыз. Бул майрамдын келишин мусулмандар ар дайым чыдамсыздык, кубаныч илгери үмүт менен тосуп алышат. Бул күндөрү …. Дос досун кечирип. Араздашкандар жарашып. Бири-бирибизге белек беришип, кадыр көңүл табыша турган күн. Белек берүү менен жакшы сезимдер артып, туугандыгыбыз, жакындыгыбыз бекемделе турган күн… Жүрөк жылыткан сөзүңүз жана жылуу жылмаюңуз менен өзгөлөрдү бакытка бөлөй турган күн. .. Бардык жакшылыктын башаты болгон дуба-тилектер кабыл боло турган күн. Ооба!… Бул күндөр ушундай кут берекеге толгон күн! Сиздерге эки дүйнө бакыт каалап. Бактылуулукка карай алга дегибиз келет. Ар бир агарып аткан таңдын нуру берекелүү болсун! Дүйнөнүн сулуулугун, бейкуттугун сактаган ата – энеңизге күйүмдүү болуп, тууганды туу тутуп, достукка бекем болуңуз! АЛЛАХ ТААЛАМ бир дагы пенде калтырбастан баарыбызды бактылуу кылсын. Асманыбыз ачык,Жерибизге тынчтык, Элибизге ынтымак берсин. Жаратканым Улуу айда,улуу күндөрдө,улуу түндөрдө кылган дуба -тилектербизди ,туткан орозобузду кабыл кылып,билип -билбей кетирген күнөөлөрүбүздү кечирип, эсепсиз соопторунан жазып,даражабызды бийик кылсын! Келээрки Куттуу Рамазан айын күтүп алуунуу баарыбызга насип кылсын!

Баткен мамлекеттик университетинин ректораты Орозо айы  жана учурдагы өлкөбүздөгү кырдаалга байланыштуу БатМУнун жалпы окуу түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмгектенип жаткан жалпы жамаатын колдоо максатында апрель айы үчүн эмгек акысын бүгүнкү күнү (21.04.2020) төлөө жагын туура деп таап, учурдун талабы экенин баса белгиледи.