Бүгүн, 2020-жылдын 6-май кунү Баткен мамлекеттик университетинде Илим жана уюштуруу иштери боюнча проректор, б.и.к., доц. м.а. Миралы к. Анара тарабынан

Конференцияны БатМУнун ректору, техн.и.д., профессор А.М. Зулпуев ачып, конференциянын конокторун, катышуучуларды Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Андан кийин С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, п.и.д., профессор Т.М. Сияев да НМУнун жалпы жамаатынын атынан конференциянын катышуучуларын, Баткен жергесинин тургундарын Жеңиш майрамы менен куттуктап, Лейлек районундагы селден жабыр тарткандарга сабыр тилеп, COVID – 19 илдетинен тезирээк арылып, карантинден чыгууну, чың ден соолук каалап жана конференциянын жүрушүнө ийгилик жолдоду.

Онлайн-конференцияга С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик университетинин жана Баткен мамлекеттик университетинин окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Конференциянын жүрүшундө башкы мекеменин Гуманитардык илимдер жана педагогика кафедрасынын профессорунун м.а., т.и.к. Кадыров А.К., Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Бердиев А.Т. жана Сүлүктү аймактык институтунун Филологиялык жана педагогикалык билим берүү кафедрасынын доценти, т.и.к. А.Д. Курбонов илимий баяндамаларды жасашты.

Жыйынтыгында илимий-практикалык онлайн-конференциянын катышуучулары резолюция кабыл алышты.