Орозо айт майрамыныздар менен урматтуу кесиптештер!

Баткен мамлекеттик университетинин ректору профессор.,  Абдивап Момунович Зулпуевдин кайрылуусу!

Урматтуу кесиптештер жана мекендештер!

Баткен мамлекеттик университетинин жалпы эмгек жамааты ыйык Рамазан айынын бүтүшү жана келе жаткан Орозо айт  майрамы менен куттуктайбыз!

Орозо Айт майрамы –  ыйык Рамазан айынын бүтүшүн белгилеген майрам болуп эсетелет.  Рамазан айы тазалануунун, кечиримдүүлүктүн, айкөлдүктүн айы болуп саналат. Кааларым Орозо кармаган бардык мусулмандарга кармаган орозосу кабыл болуп, каалоо-тилектери орундалсын, ар бир үйдө ынтымак, аманчылык болсун!

Баткен мамлекеттик университетинин ректораты Орозо айт майрамынын урматына БатМУнун жалпы окуу түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмгектенип жаткан жалпы жамаатын колдоо максатында май айы үчүн эмгек акысын бүгүнкү күнү (21.05.2020) төлөө жагын ишке ашырышты жана БатМУнун ректораты сиздерди кирип кележаткан Ыйык Орозо айт майрамыныздар менен чын жүрөктөн кызуу куттуктайт.