Тил тагдыры-эл тагдыры!

              23-сентябрь Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата БатМУнун Тарбия жана уюштуруу бөлүмү тарабынан “Тил тагдыры – эл тагдыры! аттуу онлайн тегерек стол уюштурулуп, ага КРнын Президенттине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Эсенов Айзаратбек Каныбекович, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын тилчи-окумуштуусу, ф. и. д., профессор Ибрагим Абдувалиев, төкмө акын, педагог, кыргыз-өзбек достугунун дагы да бекемделишине салым кошуп келе жаткан инсан Идрис Айитбаев, Баткен шаарындагы Айтпай Имаров – Кызыл Топу атындагы орто мектебинин Кыргыз тили жана адабияты мугалими Толгонай Ташбаева, жаш акын, мугалим Абдинаби уулу Санжарбек, Баткен мамлекеттик университетинин профессордук- окутуучулар курамы жана студенттери катышты. Онлайн тегерек столдо Мамлекеттик тилдин басып өткөн жолу, азыркы абалы, анын өнүгүү жолу, келечеги жөнүндө сөз болуп, катышуучулар үчүн бир топ пайдалуу ке-кеңештер айтылып, жемиштүү өттү.