Сиздерди 2020-жылдын 30-сентябрында Баткен мамлекеттик университетинде өтүлүүчү И.Раззаковдун 110 жылдыгына карата “И. Раззаков – Кыргыз ССРнин туңгуч мамлекет башчысы” аттуу республикалык илимий-практикалык онлайн конференцияга чакырабыз.

Конференция 2020-жыл –“Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана БатМУнун 20 жылдык юблейине карата 2020-жылдын 30-сентябрында саат 1000 дө БатМУда өткөрүлөт.

Конференцияга жөнөтүлүүчү докладдарга төмөнкү талаптар коюлат:

1. Макаланын көлөмү так илимдерге 5-6 беттен, гуманитардык илимдерде 8 беттен кем болбоосу керек, сол жагынан 30мм, оң, жогорудан жана төмөндөн 20мм талаа менен абзац 10мм, шрифт 14 Тамга-Кит программасында (кыргыз тилиндеги макалалар үчүн), Times New Roman шрифтинде (орус тилиндеги макалалар үчүн), Times New Roman арибинде, 1,5. сап аралык интервал менен терилүүсү зарыл

2. Макалада биринчи бетинин башында эң жогорку саптын сол жагында УДК, оң тарабында автордун фамилиясы, аты, атасынын аты, иштеген жери, окуу жайы (толук аталышы), ээлеген кызматы, илимий наамы, окумуштуулук даражасы, электрондук адреси, байланыш телефондору берилүүсү зарыл.

3. Макаланын темасы, автору, аннотациясы 100-250 сөз, менен ачкыч сөздөр 7-10 сөз, кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылышы шарт.

4. Жазылган макалага илимдин доктору же илимдин кандидатынан рецензия талап кылынат.

5. Илимий жыйнак 20 баллга ээ болуу менен Кыргызстандын РИНЦ, eLIBRARY.RU илимий электрондук библиотекада чагылдырылат жана КР ЖАКтын талаптарына жооп берет.

6. Макаланы чыгаруу үчүн 1500 сом, плагиаттан өткөрүү 200 сом.

7. Конференцияга катышуу үчүн макалалар 2020-жылдын 25-сентябрына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү зарыл:

БатМУ Башкы мекеме, Баткен шаары, И.Жусупов көчөсү-21, Электрондук дареги gmomunova@list.ru, тел: 0779897106.

PDF форматын жуктөп алуу 

Урматтоо менен, уюштуруу тобу