2020-жылдын 5-ноябрында БатМУнун Сүлүктү аймактык институтунда 7-8- ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө жана Улуу инсан ИСХАК РАЗЗАКОВдун 110 жылдыгына арналган «Улуттун улуу лидери – Исхак Раззаков» аттуу Эл аралык илимий-тажрыйбалык вебинардык конференциясы өткөрүлдү.

    «Улуттун улуу лидери – Исхак Раззаков» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык вебинардык конференциясы ZOOM платформасы аркылуу on-line көрүнүшүндө Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү аймактык институту, Сүлүктү шаарынын мэриясы тарабынан демилге көтөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын алдындагы Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Тажик Республикасындагы Б.Гафуров атындагы республикалык музейи, Республикалык Исхак Раззаков фонду, Россия Федерациясынын Москва шаарындагы Лейлек коому баары биргеликте уюштурушту.

Конференцияга уюштуруу тобунан башка Өзбекстан, Тажикстан Республикаларынын окумуштуулары, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү,    Баткен облустук “Мэдия” борборунун башчысы,  И. Раззаков фильминин жаратуучусу жана башкы ролду аткаруучусу – Алим Токторович, Улуу инсан И. Раззаковдун небереси Раззаков Берк Михайлович, Кыргызстандын жогорку окуу жайлары: ЖАМУ, Жалал-Абад шаарындагы эл-аралык университети, КУУ, И.К.Ахунбаев атындагы КММА, Баткен шаарынын мэриясы, шаардык билим берүү бөлүмү, №57 кесиптик лицейи, Баткен шаардык маданият бөлүмү, Баткен шаардык “Өрүкзар” коомдук саясий гезити, Кадамжай районунан  мамлекеттик админстарциясы, райондук билим берүү бөлүмү, Лейлек районунун мамлекеттик админстрациясы, райондук  билим берүү бөлүмү, Сүлүктү шаарынын мэриясы,  шаардык билим берүү бөлүмү, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы катышты.

Конференциянын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандары үчүн, алардын жаркын келечеги үчүн өчпөс опол тоодой эмгек жасаган Исхак Раззаковко эн жогору баа берилди.

Ал «кыргыз элинин уулу эле эмес, Орто Азияда жашаган элдин уулу» деген наамга татыктуу бааланган улуу инсан экендиги белгиленди.  Анын Тажикстанда өскөн бала чагы, Өзбекстанда, Кыргызстанда жана Россияда иштеген ишмердүүлүгү, тазалагы жана анын жетишкендиктери жогору бааланып, бүгүнкү күндө да маанилүүлүгүн жоготпой келгендиги бааланды.

Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын катышуучулары, кыргыз элинин жана мамлекетин түптөлүшүнө салымы чоң, улуу инсан, улут лидери – Исхак Раззаковдун кайталангыс ишмердүүлүгү, кыргыз интеллегенциясынын күзгүсү катары коомубузда кала берери конференциянын катышуучулары тарабынан белгиленди.