Абалбаева Жазгүл

         Абалбаева Жазгүл  Ибраимовна  Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү аймактык институтунун Англис тили профилинин 4-курсунун студенти. Учурда  БатМУнун Сүлүктү аймактык институтунун  омбудсмени. КРнын Президенттик стипендиясынын ээси.

         Ал окуу иштеринде өзүнун жигердүүлүгү, мыкты аткаруучулугу, жөндөмдүүлүгүнүн артынан жыл жыйынтыгы менен окуудагы жетишкендиктерин баалап, маданий массалык иштерде, спорттук мелдештерде активдүү катышкандыгы үчүн БатМУнун Сүлүкту аймактык институтунан көптөгөн дипломдордун жана ардак грамоталардын ээси.

           2018-2019-окуу жылынын 26-мартында БатМУнун Сүлүктү аймактык институтунда өткөрүлгөн “Беш тараптуу ынтымак–ийгиликтин ачкычы” аттуу стейкхолдерлердин I форумунда окуудагы жетишкен ийгиликтери, өзүнүн чыгармачылыгы, жоопкерчилиги жана атуулдук активдүү позициясы менен институттун эң мыкты студенттеринин бири экендиги белгиленип, БатМУ САИнин директорунун Ыраазычылык катын атасына Абалбаев Ибраимге алып берип, өзүнүн кичүү мекени болгон Лейлек районун Андарак айылында ата-энесинин сыймактанган кызынан боло алды.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын: Ош мамлекеттик юридикалы институтунда, Ош мамлекеттик университетинде,  Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттердин илимий-практикалык конференцияларында пленардык жыйындарда баяндамаларды окуп, баяндамалары илимийлүүлүгү жана актуалдуулугу менен айырмаланып, 1-даражадагы Дипломдор менен сыйланып келет. БатМУнун структуралык бөлүмдөрүнүн арасында өткөрүлгөн студенттик олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болуп, БатМУнун ректорунун Дипломдоруна татыктуу болгон.  

        БатМУнун башкы мекемеси жана анын окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн  студент жаштары арасында уюштурулган коомдук иш-чараларда активдүү жана чыгармачылдык менен аткарылган иштерде көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп, алардын ичинен: Ош декларациясынын алкагында 2019-жылы Региондорду өнүктүрүү жана  өлкөнү санариптештирүү жылына карата Талас мамлеккеттик университетинде өткөрүлгөн “Студенттер-билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин республикалык  IV “Достук” фестивалында Жазгүл Абалбаева БатМУнун командасынын курамында катышып, мыкты көркөм окуу номинациясын жеңип, КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ыраазычылык катына ээ болушкан.

2020-жылы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Баткен мамлекеттик университетинин студенттери арасында уюштурулган “Жеңиш ырын ардайбыз!” аттуу онлайн кароо-сынакта “Видео-ролик” номинациясы боюнча баш байгени камсыз кылгандыгы үчүн БатМунун ректорунун Диплому менен сыйланган.

         Жазгүл Абалбаева  өзүнүн асылдык сапаттары менен студенттер арасында бааланып келет, ал БатМУ САИде ар дайым уюштурулуп келген кайрымдуулук фонддордун активдүү катышуучусу жана уюштуруучусу.

Келечекте койгон максаты: Кыргыз элинен чыккан  мыкты инсан болуу менен тарыхта из калтыруу жана   Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуу.

         Биз-БатМУ САИнин эмгек жамааты окуу жайыбыздын сыймыгы болгон студенти-Абалбаева Жазгүл келечекте элдин үмүтүн актаган, Кыргызстандын желегин көккө желбиреткен мыкты кыздардан болот деп терең ишенебиз.

                                             Баратова Арофат

         Баткен мамлекеттик университетинин  Сүлүктү  аймактык  институтунун  Англис тили профилинин 4-курс студенти, азыркы мезгилде БатМУ САИнин студенттик кеңешинин төрайымы. Баратова Арофат  көптөгөн ийгиликтерди  өзүнүн талыкпаган эмгекчил мүнөзү менен  БатМУ САИнин студенттери арасында, БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүктөрүнүн, ошондой эле,  ОГПИде, ОшМЮИде өткөрүлгөн студенттердинстуденттик олимпиадаларда 1-2-орундарга, илимий-практикалык конференцияларда жасаган илимий баяндамалары илимийлүүлүгү жана актуулдуулугу жагынан өзгөчөлөнүп,  көптөгөн 1-2-даражадагы дипломдордорго татыктуу болгон.         2020-жылдын  13-май күнү ОшТУда ”2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды  колдоо” жылына карата уюштурулган  “Илим. Технологиялар. Инновациялар-2020”аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин 3-аймактык илимий-практикалык онлайн конференциясында пленардык жыйында  “Санариптештирүү  жана Билим берүү системасы” деген темадагы баяндамасы менен катышкан. Баратова Арофат окуу  жана коомдук иштеринде өзүнүн күжүрмөндүгү  менен  ОшМУнун ректорунун  3-даражадагы, ОшМЮИнин  ректорунун  2-даражадагы диплому менен ошондой эле  мыкты илимий баяндамасы үчүн  ОшТУнун ректорунун диплому менен, 2020-жылдын  28-февралында БатМУнун студенттеринин арасында  англис тили боюнча өткөрүлгөн “SPELLING BEE” таймашында активдүү катышкандыгы үчүн Баткен Америка ресурстук борборунун сертификаты менен сыйланган.

       Коомдук иштерде өзүнүн уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, 2020-жыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Баткен мамлекеттик университетинин студенттери арасында уюштурулган“Жеңиш ырын ырдайбыз”аттуу онлайн кароо-сынакта активдүү катышкандыгы үчүн БатМУнун ректорунун дипломуна жетишкен.

          Келечектүү студентибиз Баратова Арафаттын алдына койгон максаты: мыкты  адис болуп,  жаштарга чет тилдерин үйрөтүү аркылуу алардын дүйнө карашы кең, патриоттуу инсан болуп жетишүүсүнө жардам берүү.  Кыргызстандын аймактарында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өз салымын кошуу.