COVID-19дан коргонуунун жөнөкөй эрежелери

Эсиңизде болсун, жөнөкөй сактык чараларын сактоо менен, сиз COVID-19 инфекциясын жуктуруп алуу же анын жайылуу коркунучун азайта аласыз!

Өзүбүздү коргоо үчүн сөзсүз беткап кийишибиз керекпи?

– беткап кийүү менен сиз өзүңүздү жана айланаңыздагы адамдарды инфекциядан коргойсуз.

Беткапты качан жана кайда кийиш керек?

– коомдук жайларда

– эл көп чогулган жерлерде

– жабык бөлмөлөрдө (дарыкана, дүкөн, кеңсе, медициналык уюм)

– коомдук транспортто

Колдун гигиенасын сактаңыз.

Колдоруңузду тез-тез самындап жууп же спирт кошулган антисептикалык каражат менен сүртүп туруңуз.

Физикалык аралыкты сактаңыз.

Башка адамдардан кеминде 1 метр аралыкты сактаңыз.

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

Маалымат Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтынан алынды.