БатМУнун ректорлугуна талапкер, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент КОШУЕВ АБДИЖАМИЛ ЖУМАЕВИЧТИН БатМУну жакынкы жылдар аралыгында өнүктүрүү  боюнча ПРОГРАММАСЫ:

Урматтуу кесиптештер!

БатМУнун ушул мезгилге чейинки, бүгүнкүсүнө, келечегине байланышкан бардык маселелерди терең талдап көрүп, өзүмдүн тажрыйбамдын, ой жүгүртүүмдүн жана Сиздердин ой пикириңиздердин, сунуштарыңыздардын негизинде университетибизди жакынкы жылдарда өнүктүрүү боюнча өзүмдүн реалдуу ойлорумду,максатымды башкача айтканда программамды  ортого салам.

         Бүгүн өлкөбүздө жана дүйнөдө билим берүүнүн талаптары, мазмуну, формасы өзгөрүлүп жатат. Мезгилдин чакырыктарын, талаптарын,  жандуу турмушубуздагы ар кандай тоскоолдуктарды эске алып, бүгүнкү коомдук турмуштан өнүп чыккан ойлорумду системага салып, университетте иш жүзүнө ашырууга мүмкүн болгон, көз алдыма тартылып турган өнүгүү программамды сунуштоо менен университетибиздин өнүгүүсүнө өз салымыңыздарды кошууга чакырамын.

  • БатМУ-келечектин жолунда

БатМУ–20-жылдык тарыхы бар, Кыргыз Республикасынын түштүк-батыш чөлкөмдөгү, коомдогу омоктуу орду менен  өлкөбүздүн адам ресурсунун, интеллектуалдык жана профессионалдык потенциалынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жаткан университет. 

          Азыр университетте орто кесиптик билим берүү программасында 1492 студент, ал эми бакалавр академиялык даражасында 8338 студент, жалпы университет боюнча 9830 студент билим алышат.  Бүгүн БатМУда Өзбекистан, Тажикистан  мамлекеттеринен келген да, чет өлкөлүк студенттер билим алышат. 300дөн ашуун окутуучу-профессорлор,  200дөн ашуун административдик жана көмөкчү кызматкерлер эмгектенишет.

БатМУ –билим берүү экспортун жасап жаткан, ийгиликтерди жаратууга сапар салган университеттердин бири. Түзүлгөндөн бери өлкөбүздөгү стабилдүүлүктүн, туруктуулуктун камсыз болушуна өз салымын кошуп, өлкөбүзгө мыкты адистерди даярдап берип келе жатат.

  • Өнүгүүбүзгө өбөлгө жаратуучу негиздер кайсылар?
  • БатМУ-Кызыл-Кыядан баштап, Баткен, Сүлүктү шаарларынын аралыгында жайгашып, тамыры терең жайылган, өзүнүн өрнөктүү тарыхы, салттуу билим берүү жолу, көп жылдар бою топтолгон интеллектуалдык, профессионалдык, илимий-педагогикалык потенциалы баруниверситет.
  • Өзүнүн даярдаган адистеринин, бүтүрүүчүлөрүнүн сапаттык деңгээли менен университет мамлекеттин, элдин, коомдун алдындагы беделин арттырууга умтулуп, элге белгилүү бир позитивдүү идеяларды берип, коомду гумандаштырууга салымын кошуп, коомдо белгилүү обройго ээ.
  • Инновациялык, интеграциялык аракеттер, билим берүүнү автоматташтыруу, университетти башкарууну демократиялаштыруу жолун тандоо зарылчылыгын көрө билген адистик базасы бар.
  • Университет сапаттуу билим берүүгө ыңгайлашууда.

 Мезгилдин демин сезгенге жана замандын талаптарына ыңгайлашканга, жаңылыкты, жакшылыкты ийкемдүү кабыл алганга дилгир кадрдын потенциалы бар.

  • Жогоруда белгилеген салттуу тажрыйба, жоопкерчилик, муундардын эриш-аркак ынтымактуу мамилеси, илимий интеллектуалдык потенциал, билим берүүнүн инфраструктурасы өз ара биримдикке келип, жамаатыбыздын ар бирине ички дем-күч, шык берип, келечекке оптимизм менен кароого ишенимин жаратууда.
  • Университеттеги ички-тышкы байланыштарды жөнгө салуу менен   бүгүн жемишин бере турган кезди алдына коёр мезгил келди.
  • Ар бир окутуучуда умтулуу, изденүү, өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылуу аракеттери күчтүү болууда. Ушунун өзү өнүгүүгө карата болгон жакшы жышаан, өбөлгө деп айтсак болот.
  • Ынтымак бар жерде өнүгүү болот.

Ийгилик башаты-ынтымак. Жамаатыбызда өз ара сый урматтын, түшүнүшүүнүн, адамгерчиликтүү мамилелердин, иштөө үчүн жагымдуу маанайдын туруктуу болушу бизге абадай зарыл.

Жамаатта улууга-урмат, кичүүгө-ызааткөрсөтүлүшү керек. Ар бир окутуучу жана студент коомдогу жоопкерчилигин туура түшүнүп, бири-бирине бир туугандык мамиле жасап, окутуучу – билим берүүгө бүткүл күчүн жумшаса, студент- билим алууга ынтызар, дилгир болуусу зарыл.

Кыргыз элиндеги терең философиялуу нуска кептерди ар бирибиз көкүрөккө бек сактап, бири-бирибизге жакшы сөз айтып, туура ишти колдоп, кубаттасак, ийгиликтерибизге кубансак, ар бир адамдын жакшы жагын көрө билсек, эмгегин туура, калыс, адилет бааласак, окутуучуларыбыздын ишке карата жоопкерчилиги жогорулайт, билимдин сапаты артат.

Кээ бир пенделик сезимдерден бийик туруп, бири-бирибизге жасалма тоскоолдуктарды жаратпай, тескерисинче бир максатта алдыга кадам таштасак, өнүгүүбүзгө мындан ары да жол ачыла берет.

Мен жамааттын ынтымагын, биримдигин, тилектештигин чыңдоого бүткүл күчүмдү, акыл-эсимди, билимимди жумшаймын.

  • Төмөнкүдөй принциптерди университеттин ишмердүүлүгүнө киргизебиз:
  • Патриоттуулук. Жамааттын ар бир мүчөсү университеттин атаандаштыкка жөндөмдүү болуусу үчүн, университеттин коомдогу имиджин бекемдөө үчүн, сапаттуу билим берүү үчүн, университеттин келечеги үчүн бир максатка биригип, асыл тилекте элге ак кызматыбызды арноого жетишишибиз керек.
  • Университеттин ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындуулук. БатМУнун ишмердүүлүгүндөгү бардык стратегиялык чечимдер окутуучулук жамаат, студенттер менен талкууланган соң кабыл алынып, алардын негиздүүлүгү, зарылдыгы түшүндүрүлүп жана анын аткарылышы коомчулукка ачык айкын жарыяланышы керек.
  • Жамааттык катышуу.Тең укуктуулук-укуктардын, милдеттердин, жоопкерчиликтин бирдейлиги. Башкаруу структуралары менен эмгек жамаатынын жана студенттердин ортосундагы үзгүлтүксүз карым-катыш, өз ара туура түшүнүшүү, байланыш, диалог, туңгуюк кырдаалдардан биргелешип жол издөө, жамааттын акыл-эсине таянуу-университеттин туруктуу өнүгүүсүндөгү эң маанилүү принцип болушу зарыл.
  • Социалдык багыт жана бүтүндүк. Жамааттын натыйжалуу жана жогорку сапатта стабилдүү иштөөсү, билим алуусу үчүн түзүлгөн ынгайлуу шарттар, максималдуу мүмкүнчүлүктөр, моралдык жана материалдык колдоолор университеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыздайт. Мунун баары профсоюз уюму менен болгон “социалдык өнөктөштүк” келишиминде көрсөтүлөт. Боорукердик жана кайрымдуулук иштерине басым жасалат.
  • Өз ара карым-катыш (тармактык карым-катнаш). Университет-билим берүү жана илим изилдөө программаларын турмушка ашыруу үчүн ишканалар, өндүрүштүк мекемелер (стейкхолдерлер) менен биргелешип жигердүү иштөөнүн заманбап жолдорун табуу зарыл.
  • Ийкемдүү ыңгайлашуу. Өндүрүшкө керектүү жаңы адистиктерди, багыттарды, тармактарды ачууда ийкемдүү жана оперативдүү, мобилдүү ой жүгүртүүнү өркүндөтүшүбүз керек.
  • Системалуулук. Бардык структуралардын автономдуулугун сактоо менен академиялык эркиндик берип, ошол эле мезгилде университеттин структураларын органикалык биримдикте, бүтүн тирүү организм сыяктуу бир система катары ырааттуу, максаттуу иштөөсүн камсыз кылышыбыз керек.
  • Башкаруунун философиясы өзгөрүлөт. Мурдагыдай университеттин жамааты бир адам (ректор) үчүн кызмат кылбастан, тескерисинче, ректор бүтүндөй жамааттын ар бир мүчөсү үчүн калыстык менен кызмат кылууга тийиш. Башкарууда жөнөкөйлүк, адилеттик, ачык-айкындуулук башкы орунга чыгат.
  • Биз төмөндөгү стратегиялык багыттарды жүзөгө ашыруу максатын коёбуз.
  • Окуу процессин башкарууну автоматташтыруунужакшыртабыз жана аны сапаттык жактан өркүндөтөбүз.
  • Университеттин бардык ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулукту күчөтөбүз.  Ар бир жетекчи, окутуучу, студент коомдун таразасына түшөт. Жакшы жагы колдоого алынат.

         Декан, кафедра башчысы, профессор, доцент, улук окутуучу, окутуучу шайлануучу кызмат орундарында жамааттын тандоосуна кеңири жол ачылат.

  • Көп тилдүүлүк билим берүү программасынкүчөтөбүз.

         Мамлекеттик жана расмий тилдердерде, ошондой эле дагы бир эл аралык тилде (англис тилде) билим берүүнү калыптандырабыз жана өркүндөтөбүз. Ошондо гана биздин студенттер, окутуучулар бүгүнкү заманбап ЖОЖдорго коюлуучу талаптарга жооп берүү менен дүйнөнүн каалаган университетине барып, окуп жана иштеп келишине өбөлгө түзүлөт.

  • Жаңы муундагы сапаттуу кадрларды даярдоонун жолдорун иштеп чыгабыз, билимдин сапатын арттырабыз.
  • Билим берүү системасын автономдоштурууга жол ачабыз.

         Ар бир институт, колледж, факультет, ар бир кафедра жана ар бир адистик компетенттүүлүктүн негизинде окуу программасын түзүүсү үчүн, мыйзамдарга каршы келбеген, заманбап жана керектүү жоболорду кабыл алуусуна, жаңы кырдаалдарда пайда болгон тоскоолдуктарды өз убагында жоюуга багытталган эрежелерди Окумуштуулар Кеңешиндебекитебиз.

  • Университеттин ар бир окутуучу-кызматкеринин натыйжалуу иштөөсү үчүн комплекстүү шарттарды өркүндөтөбүз. Айлык акыларды туруктуу көбөйтүүнүн үстүндө иштейбиз.

7.   Университеттин тейлөө структураларындагы-ректорат, бухгалтерия, кадрлар бөлүмү, дирекция, деканаттар, кафедралардагы бюрократиялык тоскоолдуктарды, мамилени жок кылабыз жана мамиле маданиятын жогорулатуунун үстүндө иштейбиз. (Студенттердин, алардын ата-энелеринин, кызматкерлердин, окутуучулардын мыйзамдуу талаптарын тоскоолдуксуз жана маданияттуу аткарылуусун жолго коёбуз)

  • Коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жагынкүчөтөбүз. Университеттин беделин көтөрүү менен коомчулук алдында абройго ээ болушубуз керек.
  • Билим экспортун өркүндөтөбүз, университеттин өсүп-өнүгүүсүн камсыздоочу кошумча финансы булактарын табуу жолдорун издейбиз.
  • Университеттин өнүгүүсүндөгү бардык жаратмандык ишмердүүлүктөр колдоого алынат.
  • Аталган принциптердин жана стратегиялык багыттардын ишке ашуусун көз карандысыз аккредитация көрсөтөт

БатМУдагы бир нече билим берүү программалары  2020-21-окуужылындаКыргызстандын бардык окуу жайларындагы адистиктерге(багыттарга) коюлуучу талаптар сыяктуу эл аралык же КР көз карандысыз  агенттиктеринен аккредитациядан өтүүсү керек.

         Университеттеги билим берүүнүн сапаты жана ишмердүүлүгү Сапат критерийлерине дал келүүсү үчүн көз карандысызаккредитациянын талаптарына ылайык даярдыктарды көрөбүз жана андан өтүү үчүн бардык күч-аракетибизди, билимибизди жумшайбыз.

  1. БатМУда билим берүүнү өркүндөтүү багытында:
  2. Жаңы типтеги адистердин муунун даярдоо үчүн кардарлардын талаптарына ылайык компетенциялардын жыйындысын түзүү;
  3. Рынок экономикасынын талаптарына ылайык жаңы адистиктерди жана багыттарды ачуу;
  4. Эл аралык билим берүүнүн алдынкы жетишкендиктерин окуу процессине киргизүүнү үзгүлтүксүз жүргүзүү;
  5. Окутуунун сапатын жогорулатууга алып келген билим берүүнүн заманбап технологияларын үйрөнүү жана өндүрүшкө киргизүү;
  6. Окуу программаларын түзүүдө жумуш берүүчүлөр менен бекем байланыш түзүү, алардын пикирин эске алуу;
  7. Университеттеги бардык  факультеттерде виртуалдык лабораторияларды түзүүгө жетишүү;    
  8. Орто кесиптик жана бакалавриат билим берүү программаларын республикалык деңгээлде таанылган көз карандысыз агенттиктердин аккредитациясынан өтүүгө даярдоо жана өткөрүү;
  9. Жаңы лицензияга ээ болгон 5 билим берүү багыты боюнча магистратура бөлүмүнүн ишин талапка ылайык жандандыруу жана өркүндөтүү, 5 жыл аралыгында университетте студенттердин жалпы санын  5%, 10%дан жогору магистранттар түзүүсүнө жетишүү.
  10. Авторитеттүү эл аралык рейтингдик агенттиктердин (рейтинг OSEECA, THE, QS GER, эксперт РА ж.б.) рейтингине БатМУнункатышуусун камсыз кылууга жетишүү.
  11. БатМУнун китепканаларында автоматташтырылган системасын  ишке киргизүү жана өркүндөтүү. Электрондук китептерди көбөйтүү;
  12. Бакалавриат жана магистратура программаларында, окутууга компетенттүүлүк мамиленин негизинде лекциялык, практикалык (семинардык), лабораториялык сабактарды анализдөөнүн жаңы схемасын иштеп чыгуу жана аны пайдалануу аркылуу окуп-үйрөнүүнүн жана окутуунун натыйжаларынын сапатын жогорулатуу;
  13. Университетти жаңы информациялык технологиялар менен жабдуу иштерине жетишүү, AVN информациялык системасын колдонууну андан ары өркүндөтүү. (университеттин ичиндеги структуралар арасында электрондук документ алмашууну ишке ашыруу, студенттердин окууда жана коомдук иштердеги жетишкендиктери жана кемчилдиктери боюнча ата-энелерине смс-кабарларды жиберүү, онлайн анкетирлөө ж.б.), окутуунун дистанттык технологияларын интенсивдүү өнүктүрүү;
  14. Сабактарга өз ара катышууну чыныгы тажрыйба алмашуу статусуна жеткирүү. Алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуунун жаңы механизмдерин ишке киргизүү жана өркүндөтүү (онлайн түрүндөгү видео сабактар (зуум,классрум ж.б), вебинарлар, теле сабактар ж.б.);
  15. Материалдык стимулдаштырууну даректүү (адрестүү) бөлүштүрүү үчүн окутуучуларды ички аттестациялоонун жобосун атайын орто кесип, бакалавриат жана магистратура баскычтарына ылайыкташтырып иштеп чыгуу;
  16. Ар бир сессиянын аягында окуп-үйрөнгөн курстардын сапаты жөнүндө студенттерден онлайн сурамжылоо жүргүзүү;
  17. Окутуучуларды жумушка алуунун заманбап критерийлерин иштеп чыгуу жана аны бекитүү;
  18. Ар бир окуу жылынын аягында окутуучулардын өздөрүнөн ирээттүү жана толук анкета алуу аркылуу окуу жайдын ийгилик-кемчиликтерин аныктоону жана анализдөөнү салтка айлантуу;
  19. Бүтүрүүчүлөрдү ишке жайгаштыруу максатында «Иш берүүчү – университет – студент» механизмин эффективдүү колдонуу;
  20. Өндүрүштүк, педагогикалык жана башка практикаларды талапка ылайык уюштуруу максатында кызыкдар тараптардын пикирлерин эске алып, практикалардын бардык түрлөрүн уюштурууда калыптануучу компетенциялардын тизмесин аныктоо;
  21. БатМУга сапаттын кепилдигинин ички системасын кийирүү;
  22. БатМУну көп тилдүү билим берүү моделин колдонгон жогорку окуу жайына айландыруу боюнча иш-чараларды улантуу;
  23. Окуу пландарын компетенттүүлүк мамилеси менен модернизациялоо. Окуу пландарынын вариативдик бөлүгүн жана тандоо курстарын түзүүдө илимдин, техниканын жана рыноктук экономиканын талаптарын эске алуу боюнча иш-чараларды уюштурууну күчөтүү;
  24. Бардык багыттардын (адистиктердин) негизги билим берүү программаларынын түзүлүүсүн бекитилген окуу пландарына ылайык болушун кайра карап, Окумуштуулар Кеңеши тарабынан бекитүү;
  25. Дисциплиналар боюнча методикалык камсыздоону күчөтүү.  Предметтердин электрондук окуу-методикалык комплекстерин компетенттүүлүктүн негизинде окутуунун күтүлүүчү натыйжаларына багыттап кайра иштеп чыгуу жана AVN порталга жүктөө;
  1. Илимий изилдөөлөр багытында
  2. Университеттик илим-изилдөө иштерин реформалоо жана системага салуу;
  3. Илимий-изилдөө иштерин өндүрүштүк-практикалык нукка багыттоо;
  4. БатМУдагы ар бир түзүмдүк бөлүмдө (факультетте) тиешелүү болгон багыттар боюнча илимий-өндүрүштүк, окуу-өндүрүштүк базаларды түзүүгө жетишүү;
  5. Университеттин эң мыкты илимий жетишкендиктеринин “электрондук фондун” түзүү;
  6. Университеттеги көрүнүктүү илимпоздордун илимий ишмердүүлүгүнө, өмүр жолуна арналган журналдын серияларын чыгарууга жетишүү;
  7. Бир жылда бир жолу университеттин илимпоздорунун тандалма, илимий макалаларынын,  эмгектеринин топтомун чыгаруу;
  8. Эл аралык илимий-публикацияларга артыкчылык берүү;
  9. БатМУнун эл аралык илимий коомчулук менен интеграциясын, эл аралык долбоорлорго, түрдүү гранттарга катышуусуна шарт түзүү;
  10. Эл аралык илимий Scopus, Web of Science электрондук базаларына жана дүйнөлүк ири илимий басылмалар болгон Elsevier, Springer ж.б. ресурстарга болгон жетишүүнү камсыздоо аракетин көрүшүбүз керек;
  11. Илимий мектептерди колдоо. “Жаш илимпоздор” мектебин түзүү;
  12. Илим изилдөө иштеринде ойлоп табуучулук, рационализатордук, инновациялык мүнөздөгү иш аракеттерди күчөтүү, алардын натыйжасында патенттерди алуу;
  13. Кафедраларды илимий-изилдөө иштерине, конкурстарга катыштыруу жана гранттарды алууга жетиштирүү;
  14. Студенттик илимий-изилдөө иштерин күчөтүү.

IV. Технологиялык өнүгүү багытында

  1. Университетте учурда электрондук маалыматтар, электрондук китептер базасы ж.б. документтердин көлөмү кескин өсүп бара жаткандыктан Datacenter маалымат алмашуучу жана сактоочу класстердик серверлерден турган каананы түзүү;
  2. Булуттук технология. (“Облачная технология”);
  3. Бул технологияларды киргизүүгө жетише алсак, дүйнөнүн кайсы тарабында болбосун мугалимдер, студенттер  интернеттин жардамы менен БатМУнун серверлери аркылуу ыкчам маалымат алмашууну жана эсептерди жүргүзө алышат. Маалыматтар атайын БатМУнун Datacenterиндебөлүнгөн ячейкада сакталат.

Эскертүү: Айта кетүүчү нерсе, бул технологияны колдонуу Кыргызстандагы кээ бир ЖОЖдордогу билим берүү системасында практикалып келет.

  • Telecet (IPTV). Телевизор жана компьютердик техникалар пайдалануу менен видео тармакты түзүүгө жетишүү:
  • Ар бир адистик (багыт) боюнча окутуучу видеосабактарды иштеп чыгып, каалаган убакта БатМУнун локалдык тармагын пайдалануу менен же интернет аркылуу сабактарды окууга мүмкүнчүлүк алат;
  • Билим берүү, илим изилдөө, тарбиялоо, маданий коомдук жумуштар үчүн;
  • Тармактык транспорттук технология;

Телекоммуникациялык аппараттар аркылуу БатМУнун локалдык тармагын жабдуу менен санариптик технологиянын дагы бир тепкичине жогорулайбыз.

         БатМУда компьютердик техникаларды ремонттоочу жана программалык камсыздоо кызматын аткаруучу пунктту уюштуруу зарыл. Бул пункт өзүн-өзү каржылай алышы керек.

Университетти мобилдүү башкаруу үчүн заманбап санариптик технологиялары менен камсыздоого жетишүү жана аны жигердүү пайдалануу.

V. Финансылык ачык саясат

  • БатМУнун казынасын байытуу, көбөйтүү, кошумча каражаттарды табуу булактарын издөө;
  • Университеттин казынасын максаттуу, үнөмдүү жана ачык-айкын бөлүштүрүү;
  • Окутуучулардын, кызматкерлердин айлык акыларын туруктуу жогорулатууга жетишүү;
  • Келишимдик негизде окуган студенттер менен оптималдуу иштөөнүн механизмин жаратуу жана алардын санын жогорулатуу;
  • Ар бир түзүмдүк бөлүмдөрдүн (факультеттердин) түшүрүлүүчү кирешеге жараша финансылык саясатты ачык, айкын, тунук жүргүзүүгө жетишүү;
  • Мамлекеттик бюджеттен, атайын каражаттардан, демөөрчүлөрдүн салымдарынан, кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча каражатын максаттуу, үнөмдүү пайдаланууга, финансылык саясатты ачык, айкын, тунук жүргүзүүгө жетишүү;
  • Коммуналдык чыгымдарды, башка чыгымдарды сарамжалдуулук жана үнөм менен пайдаланууга жетишүү.

VI. Эл аралык байланыштар бөлүмүн университеттик масштабда жана түзүмдүк бөлүмдөрдө ачуу:

  1. Илимий-изилдөө иштерин гранттар, өндүрүштүк-келишимдик, проекттик иштер менен жана инвесторлор аркылуу каржылоого жетишүү;
  2. Билим берүүнү экспорттоо алкагында инвестицияларды тартуу;
  3. Окутуучулардын билимин өркүндөтүү курстарын уюштуруу үчүн сырткы донорлордун эсебинен каржылануучу долбоорлорду түзүүгө жана аны жүзөгө ашырууга жетишүү;
  4. БатМУнун студенттеринин, магистранттарынын, окутуучуларынын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү;
  5. Кызматташуунун “Университет-Ишкана” моделин жайылтуу жана мамлекеттик-жеке менчик шериктештикти колдонуу аркылуу бүтүрүүчүлөргө жана университетке болгон жаңы инвестициялык көз карашты калыптандыруу.
  6. Улуттук баалуулуктарыбызды, нарк дөөлөттөрүбүздү унутпай, заманбап ой жүгүртүп, студенттерге сөз эркиндигин, ой жүгүртүү эркиндигин бердик. Эми аккредитациялык талаптарга ылайык тандоо эркиндигине жол ачышыбыз керек.

Жалпы күндүзгү бөлүмдө билим алып жаткан студенттерибиздин жок дегенде 5-10 пайызы башка алдыңкы КРдеги ЖОЖдордон  жана чет өлкөлөрдөгү өнөктөш университеттерден академиялык алмашуу программалары менен барып, окуп келиши керек (азыр бул көрсөткүч бизде көнүлдү жылытарлык % түзбөйт). Окутуучулук-профессордук жамааттын белгилүү  пайызы чет элдик окуу жайлардан чакыртылып алынган алдыңкы адистер, профессорлор болууга тийиш. Ошол эле учурда өзүбүздүн окутуучуларыбыздын белгилүү пайызы башка алдыңкы өлкөлөрдөгү өнүккөн окуу жайларга барып, кесиптик билим деңгээлин көтөрүп, тажрыйба топтоп келиши абзел.

Мындайча айтканда, билим оошот, акыл жугушат, биз ушул процесс менен өнүгүүнү жолго коюшубуз керек. Башкалардын жакшысы болсо алабыз, өзүбүздүн позитивди башкаларга көрсөтөбүз, кемчилигибиз болсо арылабыз. Ошондо биз ажайып билим берүүнүн сапатына келип чыгабыз. Университетке жаңы дем, жаңы ой, жаңы мазмун, жаңы дух берип, жаңы демилгелерди жана саамалыктарды жаратып, жаңы деңгээлгекөтөрүлөбүз.

Мындан университетибиздеги бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө (факультеттерде) билим экспортун өнүктүрүүгө, алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдөн студенттердин келүүсүн, алардын коопсуздугун, сапаттуу билим алуусун камсыз кылууга жол ачышыбыз керек.

Ички академиялык мобилдүүлүктү чыңдаган

“Ош декларациясын” реалдуу ишке ашырабыз

Эл аралык аккредитациядан өтүү үчүн университеттеги 20% студенттер жана окутуучулар ички жана сырткы мобилдүүлүктөн өтүүсү керек. Андыктан ушул багытты өркүндөтүү үчүн өлкөбүздө республикалык жогорку окуу жайлардын ички мобилдүүлүгүн өркүндөтүү үчүн 7 университетК.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректорлору университеттер аралык ички академиялык мобилдүүлүктү чыңдаган “Ош декларациясына” кол коюлган. Бул декларациянын алкагында БатМУдан бир нече студенттер жогоруда аталган ЖОЖдорго  ички академиялык мобилдүүлүк боюнча окууга барып келиши буга чейинки университеттеги жакшы жышаан катары белгилеп кетким келет.  Мындан ары дагы университеттер аралык педагогикалык тажрыйба алмашуу, студенттерди алмашып билим берүү, жаш окумуштууларды башка ЖОЖдун өрнөктүү профессорлорунун сабактарына катыштыруу, профессорлорду бири-бирине алмашуу менен конференция, симпозиумдарды, онлайн-лекция, видео-конференцияларды уюштуруу сыяктуу ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү,  биргелешип эл аралык ири долбоорлорду ишке ашырууга, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө кеңири жол ачат.

Кыргызстандын ичинде жаштарыбыз бири-бири менен достугун, билимин, кесиптик жана интеллектуалдык кызматташтыгын чыңдайт.

VII. Адам ресурсу – университеттин негизги байлыгы

  Менин жашоомдогу философиям–инсанга, адамдын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, жөндөм-шыгын реализациялоого,  иштөө үчүн жана жашоо үчүн дем-шык берүүгө арналган десем жаңылышпайм. Ар бир адамдын жакшы жактарын көрүүгө, анын жакшылыгын өнүктүрүүгө, жаңыча ой жүгүртүп иштөөсүнө, көз карашын заман менен тең жарыша алып жүрүүсүнө багытталган. Окутуучу менен студенттин дараметин көтөрүүгө, жылуу сөз аркылуу  алардын ортосундагы адамгерчилик мамилени өрчүтүүгө арналган. Ар бир адамга калыс, тегиз мамиле кылууга аракеттенип жатабыз. Ким жардамга муктаж болсо, колдоо көрсөтүүгө аракеттенебиз. Ким жаңы демилге менен келсе, анын оюн кубаттайбыз.

         Университетти түптөгөн ардагер агай-эжейлерибиздин кимиси болбосун алардын илимий педагогикалык маарекелерин өткөрүүдө, конференцияларын уюштурууда, жан дүйнөсүн кубантууда өз аракеттерибизди аябайбыз. Алардын кеңештерин угуп, айткан акыл насааттарына, калыс сөздөрүнө өтө муктажбыз. Ардагерлерибиз да өсүп-өнүгүүбүзгө туура сөзүн айтып, колдоо көрсөтүп келе жатышат.

Университетибизде орто муун болсо өзүнүн тажрыйбаларын, илим, билимин, топтолгон профессионалдык-интеллектуалдык дараметин университетибизден аябай, жамаатыбыздын оорун колдон, жеңилин жерден алып келе жатышат.

Өзгөчө чыгармачылык менен жаңыча иштөөгө, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө далалаттанган жаштарыбыздын бар экендиги жана алардын демилгелер менен чыгып жаткандыгы бизди кубандырат. Алардын демилгелерине дем бергенге, саамалыктарын колдогонго аракет кылабыз.

Ардагерлер-орто муун-жаштар муундар ортосундагы байланышты бекем кармайбыз.  Биз ар бир окутуучунун билимин өркүндөтүүгө, иштеп жаткан жеринде заманбап шарт жаратканга, илимий изилдөө иштерин жүргүзүүсүнө максималдуу ыңгайлуулуктарды түзүүгө аракеттенебиз.

VIII. Материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү

  • Университеттин бардык окуу корпустарын, кафедраларын, лабораторияларын, китеп каналарын, спорттук залдарын заманбап талаптарга ылайык модернизациялоого көмөктөшөбүз;
  • Студенттик тамак аш индустриясын өнүктүрөбүз;
  • Университеттин (институт, колледждердин) айланасына тейлөө кызматтарын уюштурабыз;
  • БатМУга өзүн-өзү каржылоочу заманбап минитипографияны уюштуруп түзүүнү пландаштырып жүзөгө ашырууну көздөйбүз;
  • Бардык имараттардын сапатына, эстетикалык жактан кооздугуна жетишебиз;
  • Жаңы курулуштарда өркүндөтүлгөн архитектураны пайдаланабыз;
  • Окуу корпустарга китеп дүкөндөрүн, интернет-магазиндерин, концелариялык товарларды сатуучу пунктарды ачууга шарт түзүү;

IX. ЖОЖдун байлыгы-студенттер

  • Бардык иш аракеттерди студенттерге терең билим, татыктуу тарбия бергенге мобилизациялоо;
  • Студенттик өзүн-өзү башкарууну өркүндөтүп студенттерге тандоо, ой-жүгүртүү эркиндигин берүү жана коом алдындагы жоопкерчилигин үйрөтүү;
  • Студенттик олимпиадаларды сапаттык баскычка көтөрүү;
  • Студенттердин коомдук-маданий иштерин жогорулатуу, чыгармачыл, илимий ишин жандандыруу. Маданий иш чаралардын тарбиялык жана эстетикалык сапатын жогорулатуу;
  • Таланттуу студенттерди колдоого алабыз;.
  • Социалдык коргоого муктаж студенттерди материалдык жана моралдык жактан үзгүлтүксүз колдоого алуу;
  • Куратордук иштерди күчөтүү жана тарбия системасына карата мамилени оңдоо, таасирдүүлүгүн камсыз кылуу;
  • Студенттердин коомдук иштерге тартуунун оптималдуу жолдорун табуу;
  • Студенттерди улуттук тарбиянын, улуттук дөөлөттөрдүн негиздеринде адамгерчиликке, нарк-насилге, тазалыкка, тартипке үйрөтүү;
  • Бардык спорттук залдарды заманбап талаптарга ылайык жасалгалоо;
  • Физкультура сабагынын сапатын жогорулатуу;
  • Спорттук инвентарларды жаңы технологиялар аркылуу толуктоо;
  • Спорттук сексиялардын ишин жандандыруу;
  • Университеттин курама командаларына максималдуу шарттарды түзүү;
  • Таланттуу спортсмен студенттерге, машыктыруучуларга колдоо көрсөтүү;

X. Коомдук уюмдар-ынтымактын, биримдиктин күзгүсү

  • Профсоюз комитети-жамааттын ар тараптуу кызыкчылыгын коргоочу уюм;
  • Ардагерлер Кеңешин түзүү. Алар окуу жайыбыздагы биримдиктин, ынтымактын  күзгүсү болушу керек;
  • Аялдар Кеңеши-кыздарыбызды улуттук рухка, ыймандуулукка, турмушка тарбиялоонун үлгүсү;
  • Жаштар комитети-демократия маданиятын, адамгерчиликти, адамзаттык, улуттук баалуулуктарды үйрөтүүчү, демилгелүү жаштардын мектеби;
  • Акыйкатчы аппараты-студенттерге укуктук маалымдуулукту жогорулатуучу уюм;

XI. Университеттин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн (институттардын, колледждердин) заманга ылайык өсүүсүн камсыздоо.

Ар календардык жылга жана  окуу жылына карата  жалпытүзүмдүк бөлүмдөрдүн (институттардын, колледждердин)  финансылык кирешеси аныкталып,  алардын  негизинде жалпы университеттин сметасы  түзүлөт.

Түзүмдүк бөлүмдөрдүн (институттардын, колледждердин)  финансылык кирешесине жараша сметада  пландаштырылуучу иш-чаралар (эмгек акы, кызматтык төлөмдөр, өнүгүүгө бөлүнүүчү чыгымдар ж.б.) жалпы  коллективде  ачык-айкын  талкууга алынып, пландаштырылат.

Сметада пландаштырылган чыгымдардын  аткарылышы түзүмдүк бөлүмдөрдүн (институттардын, колледждердин) жетекчилиги менен ректораттын ортосунда түзүлгөн келишимдин жана камкордук кеңештин мүчөлөрүнүн макулдашуусунун негизинде  көзөмөлгө алынып,  ишке  ашырылат.

                         Урматтуу кесиптештер!

Сиздердин ишеничиңиздерге ээ болсом, чоң жоопкерчилик менен университеттин ишин башкарууну ийкемдүү жана ыңгайлуу, окутуучуларга, кызматкерлерге, студенттерге жакын болуп, ар кандай маселелерди жеринде так, ачык, калыс, адилет чечүү менен университетти ар тараптуу өнүктүрүүгө күчүмдү жумшаймын.

         Жетекчи кадрларды кызматка дайындоодо алардын иш билермандыгын, ишке карата жоопкерчилигин, кесиптик мыкты даярдыгын, тазалыгын, жамаатты бириктире алган уюштуруучулугун, адамгерчилик касиетин, университеттин кызыкчылыгына карата күйүп-бышкан аракетин эске аламын. Ал үчүн жетекчи өзү таза, башкаларга үлгү болуп, өзүнө да талапты катуу коюшу зарыл экендигин түшүнөмүн.

Ар бир студент үчүн Баткен мамлекеттик университетинде өзүнүн билимге, илимге, маданиятка, өнөргө, коомдук ишке жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүсүнө, өзүн-өзү реализациялоосуна мүмкүнчүлүк жаралат.

Жакынкы беш жылга карата чоң максаттарыбыз бар. Ал үчүн Жараткан баарыбызга ден соолук, акыл-эс, толук кандуу эмгектенүүгө күч-кубат берсин. Ар бирибиздин дилибизге Кыргызстаныбызга, БатМУга карата аруу сезим, жакшы ойлорду салсын. Ошондо ар бирибизде изденүү, шыктануу жаралып, ийгиликтердин учугу үзүлбөй, эл, журт, коом алдында жүзүбүз жарык, маанайыбыз бийик болот.