Ректор алдындагы кеңешме 2021-жылдын 3-февралында өткөрүлдү. Анда окуу процесси бүтүрүүчү курстар үчүн офлайн, ал эми 1-2-3-курстарга онлайнда сабак жүргүзүлүп жаткандыгы каралды. СОVID-19 илдетинин алдын алуу максатында эрежелер так сакталуусу боюнча аймактагы институт жетекчилерине Ректор тапшырма койду. Жыйынтыгында төмөнкүдөй токтом кабыл алынды:

1. COVID-19 илдетинин жайылуусун алдын алуу максатында жуманын   дүйшөмбү, бейшемби күндөрү мониторинг
 жүргүзүлсүн;
2. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары жана жалпы кызматкерлердин, студенттердин саламаттыгы тууралуу 
маалыматтарды күн сайын саат 16:00 гө чейин Уюштуруу жана тарбия бөлүмүнүн башчысы Ж.Саттаровго берип туруу 
жагы окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине милдеттендирилсин;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Илим жана уюштуруу иштери боюнча проректор Мирали кызы Анарага жүктөлсүн.