БатМУнун ректорунун Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Анкара шаарындагы келечектеги Түркиянын эң чоң университети Йылдырым Беязит университетинин ректору проф.доктор Йылдырым Айдынов менен болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки ректордун пикири бир жерден чыгып, аз да болсо ишке аша турган долбоорлор менен ишти баштоону макулдашылды. Ошондой эле эң кыска убакта “Жакшы ниет” (İyi niyet) аталышындагы келишимге кол койуп, акырындык менен келечекте чоң-чоң иштерди бирге ишке ашырууну макулдашты.