БатМУнун ректору Айдарбек Гыязовдун Түркиядагы иш сапарынын алкагында кезектеги жолугушуусу Түркиянын Сакария Университетинин ректору проф. Фатих Савашан менен болду. Эки университеттин Ректорлору сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мындан ары орток иш чаралардын жүзөгө ашыруу үчүн келишим түзүүгө жетишишти. Келишимдин негизинде ушул жылдын апрель айынан баштап БатМУнун окутуучулары тажрыйба алмашуу жана квалификациясын жогорулатуу максатында Түркиянын Сакария университетине 1 айлык, 2 айлык жана 3 айлык мөөнөт менен жөнөтүлөт.

Андан сырткары эки университеттин окутуучуларынын жана студенттеринин ортосунда илимий практикалык конференциялар жана илимий изилдөөлөр жүргүзүлмөкчү.

Ошондой эле ушул эле күнү Сакария облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы Фазилет Дурмуш айым, Сакария облустук жаштар, спорт башкармалыгынын башчысы Ариф Өрсой жана Сакария облустук дин башкармалыгынын башчысы-муфтий Хасан Башиш мырзалар менен да жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун натыйжасында БатМУнун базасында жогоруда аталган облустук башкармалыктар менен биргелмк жаңы үлгүдөгү “Ыйман” лицейин ачуу боюнча пландар сүйлөшүлдү жана ушул жылдын сентябрь айында лицейди ишке киргизүү максат кылынды.