БатМУнун ректору проф.доктор Айдарбек Гыязов баштаган делегация бейрасмий түрдө Түркия Парламентинин депутаты Метин Гүндогду мырза менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө БатМУнун базасында айыл-чарба багытындагы адистиктерди ачуу боюнча сөз болду. Аталган депутат Баткен жергеси үчүн айыл-чарба боюнча адистер абдан маанилүү экендигин белгилеп, БатМУнун базасында Анкара университети менен биргеликте айыл-чарба факультетин ачууга көмөк көрсөтөрүн баса белгиледи.