Баткен мамлекеттик университетинин “Табият таануу жана педагогика” факультетинин “Педагогикалык билим берүү” кафедрасынын “Илимдүү илимдүүнү тааный билет, акылдуу акыл баркын баалап жүрөт” – аттуу кафедранын жумалыгы 26-апрелден 30-апрелге чейин болуп өттү. Бул жумалык иш чарага абдан бай болуп, ар бир күндөгү өтүлгөн иш-чара окутуучулардын жана студенттердин активдүү катышуусунда, таасирдүү тарбиялык мааниси терең мазмундагы семинар-тренинг, билим сынагы, педагогикалык дебьют ж.б. багыттарды камтыды.

26-апрель күнү университеттин алдында шаңдуу музыканын коштоосундагы флешмоб менен башталып, андан соң, “Үй-бүлө жана үй-бүлөлүк баалуулуктар” – аттуу семинар-тренинг ага окутуучу Эргешали кызы Актилектин жетекчилигинде өткөрүлүп, жаштардын болочоктогу үй-бүлөсү жөнүндөгү актуалдуу маселелер кызуу талкууланды. Ошондой эле, жашоодо стереотипке айланган көнүмүш адаттар жана алардын үй-бүлөнүн сакталышына, туруктуулугуна тийгизген таасири, заманбап үй-бүлөнүн өзгөчөлүгү жөнүндө ага окутуучу Эргешали кызы Актилектин маалыматы студенттердин кызыгуусун жаратып, көз караштарын стереотиптерден бир аз болсо арылтып, жаңыча ойлонууга түрткү берди.