Баткен мамлекеттик университетинин “Табият таануу жана педагогика” факультетинин “Педагогикалык билим берүү” кафедрасынын “Илимдүү илимдүүнү тааный билет, акылдуу акыл баркын баалап жүрөт” – аттуу кафедранын жумалыгы 26-апрелден 30-апрелге чейин болуп өттү. Бул жумалык иш чарага абдан бай болуп, ар бир күндөгү өтүлгөн иш-чара окутуучулардын жана студенттердин активдүү катышуусунда, таасирдүү тарбиялык мааниси терең мазмундагы семинар-тренинг, билим сынагы, педагогикалык дебьют ж.б. багыттарды камтыды.

27-март күнү “Билим сынагы” интеллектуалдык таймашы окутуучу Усанова Нуржамалдын жетекчилигинде өткөрүлүп, мында педагогика, психология предметтери боюнча суроолорго жооп беришип, педагогикалык кырдаалдар кызуу талкуу жаратты. Ошондой эле, Усанова Нуржамал ар бир кырдаалдын чечилүү себептерин түшүндүрүү менен студенттердин билимдерин тереңдетүүгө өз салымын кошту.