Кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, агартуучу Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата «К.Тыныстанов-залкар инсан» аттуу адабий кече БатМУда уюштурулду. Гуманитардык-экономикалык факультетинин уюштуруусу менен өткөрүлгөн иш чараны ректор, э.и.д., профессор А.Гыязов ачып берди.

Андан соң акын, драматург К.Тыныстановдун өмүрүнүн урунттуу жылдары тууралуу окутуучу А. Сатыбалдыева баяндама жасады. Коомдук ишмер тууралуу студент Б.Ааламбек к чет тилинде, А.Боронова орус тилинде баяндама жасап, Манас айтуу, автордун ырлары, алдей ырлары аткарылды.

Маалымат катары айта кетсек, аталган иш чара КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан жарыяланган 5 айлыктын алкагында уюштурулду.