БатМУнун профессордук окутуучулар курамынын катарына дагы бир илимдин кандидаты кошулду. Бул жетишкендик биздин окуу жайдын да жетишкендиги, сыймыгы.

Баткен мамлекеттик университетинин “Педагогикалык билим берүү” кафедрасынын улук окутуучусу Эргешали кызы Актилектин “Жогорку класстардын окуучуларын элдик педагогиканын баалуулуктары аркылуу үй-бүлөлүк турмушка даярдоо” аттуу 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациялык ишин 2021-жылдын 28-майында И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин жана Кыргыз Билим Берүү Академиясынын алдындагы Д.13.18.573 диссертациялык кеңешинде ийгиликтүү коргоп алгандыгы менен куттуктайбыз!!!

Эргешали кызы Актилекке узун өмүр, чын ден-соолук, кажыбаган кайрат, бакубат жашоо каалайбыз. Жаш окумуштуулардын катарын толуктап, өз элиңе, өз жериңе, билмиңди арнап, келечек муундарын тарбиялоого салым кошуп, чыгармачылык аракетиңден тайбай, мындан да жогору болгон ийгиликтерди, бийиктиктерди багындыра берүүңө тилектешпиз!
Актилек, биз сени менен сыймыктанабыз!

“Педагогикалык билим берүү” кафедрасы