БатМУнун эмгек жамааты үчүн бүгүн дагы бир жаңы саамалык жүзөгө ашып олтурат. Алдыда окуу жайдын ишин илгерилетүү, жаңыланууларга жаңы багыт менен баруу милдети турат. Бул багытта өз тажрыйбасын, билим-күчүн жумшоо үчүн окутуучу, б.и.к. Ташматова Нурила Кубатовна жаңы кызмат ордуна киришти. Дайындоо БатМУнун ректору, э.и.д., профессор Айдарбек Гыязовдун 03-05/164 30.06.2021-ж сандуу буйругу менен бекитилип, Нурила Кубатовна БатМУнун Кызыл- Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун директорлугуна дайындалды.

Жаңы жумуш оруну кут болсун Нурила Кубатовна!Ишиңизге ийгилик каалайбыз.