Жаңы окуу жылынын башталышын утурлай, 2021-жылдын 14-сентябрында КРнын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, министрликтин стат-катчысы Калысбек Шадыхановдор БатМУда болуп, андагы өзгөрүүлөр, жаңылануулар, материалдык-техникалык база менен таанышып чыкты. Мындан сырткары БатМУнун профессордук-окутуучулар курамы, Баткен облустук, шаардык билим берүү мекемелеринин башчылары, мектеп директорлору менен жолугушту.