КРнын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы БатМУда белгиленүүдө. Мамлекеттик тил күнүнө карата түзүлгөн бир айлык иш-чаралардын планынын негизинде алдын ала даярдык көргөн студенттер эрте менен профессордук-окутуучулар курамды, студенттерди өзгөчө шандуу флешмоб менен тосуп алды.Мындан сырткары БатМУнун башкы мекемеси жана Көп тармактуу колледжинин таланттуу студенттеринин катышуусунда “Улутту улут кылган тил!” аттуу салтанаттуу кече, китеп көргөзмөсү уюштурулду. Улуулугубузду билдирип турган тилибиз кылымдарды карыта берсин. Уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!