Баткен мамлекеттик университетине Айдарбек Токторович Гыязов ректор болуп келген күндөн тарта университетте бир канча илимге болгон алгылыктуу иштер жүрүүдө. Атап кетсек, окумуштууларга стимул катарында Кыргызстан жана чет мамлекеттерде болуп жаткан конференцияларга катышууну камсыздап берүүдө (Бул мезгилге чейин окумуштуулар өз каражаттарынын эсебинен катышып турушкан). Университетте 6 айдын ичинде 2 жолу Эл аралык деңгээде илимий-практикалык конференциялар уюштурулду. Алсак, КРнын Баткен областы жана Узбекистан Республикасынын Фергана областынын кызматташтыгын жогорулатуу жана тереңдетүү максатында түзүлгөн “Жол картасы” боюнча, ошондой БатМУнун ректорунун эки элдин ынтымагын арттыруу, достугун бекемдөө иш-чарасынын алкагында, «Фергана чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн, тарыхый, заманбап өнүгүүлөрүнүн интеграциялык шарттары: Саясий, социалдык-экономикалык, маданий, экологиялык ж.б.» аттуу онлайн Эл аралык илимий-практикалык конференция, ошондой эле КРнын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата, “Кыргыз Республикасы: мамлекеттүүлүк, улуттук баалуулуктар жана өнүгүү стратегиясы” аттуу онлайн Эл аралык илимий-практикалык конференция Россия Федерациясы, Чехия, Словакия, Казакстан, Өзбекистан, Монголия мамлекеттеринин окумуштууларынын катышуусунда болуп өтүп, келип түшкөн макалалар университетин эсебинен каржыланып “Известие Вузов Кыргызстана” журналынын №3 санына жана “Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана” журанылын №8 санына жарык көрүүдө. Айдарбек Токторович Гыязовдун демилгеси менен Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азияда 1-жолу ЮНЭСКОнун геопарктары “Борбордук Азиядагы геопарктар: геотуризмдин аймагын кеңейтүү геологиялык мурастарды, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу” деген темада Эл аралык семинар болуп өттү. Бул семинардын максаты Баткен облусунун экономикасын көтөрүү, изилденбей жаткан, илимде биринчи баскычты аттаган Баткен облусуна илимпоздорду тартуу болуп саналат. Мындай чоң масштабдагы иш-чаралар Айдарбек Токторович Гыязовдун бир жылга толо элек иш-аракеттеринин натыйжасы болуп саналат. Алдыда мындай иш-чаралар окуу жайбызда көп болуп, мындан да жогорку баскычтарга көтөрүлөт деген ишенимдебиз. Баткен мамлекеттик университетинин коллективи Айдарбек Токторович Гыязовго ишеними чоң жана ал ишенимди актай турган жетекчи катары көрөт. Кээ бир жарандар белгилүү бир тараптын ич күйдүлүгүнүн натыйжасында жалган маалыматтардын эсебинен Баткен мамлекеттик университетинин жана жаңыдан ишин баштаган ректордун абройуна шек келтирүүсү чындыкка жатпайт. Баткен мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Түштүк батышындагы жападан жалгыз илимдин борбору болуп эсептелинет. Ар тараптан өнүгүп бара жаткан жаш облусубуз үчүн бул окуу жайдын орду чоң. Айдарбек Токторович Гыязов жетектеген окуу жайдын эмгек жамаатынын иштери ийгиликтер менен коштолсун!