Урматтуу, БатМУнун профессордук-окутуучулар жамааты! Ардактуу агайлар, эжейлер! Мугалимдик кесип түйшүгү түмөн болгону менен сыймыгы сан жеткис. Бул кесип эң байыркы кесиптерден болуп, адамзаттын ар тараптуу калыптануусунда, өсүп-өнүгүүсүндө жогорку орунду ээлөө менен келечекке карай баштоочу катары саналат. Түрдүү себептерден улам бул кесип ээлерине акыркы учурда “Мугалимдик кесиптин” кадыр-баркын көтөрүү милдети да кошулду. Элибиздин башына кандай гана доор туш келбесин, мугалимдер өз ишин так аткаруу менен алдына жоопкерчиликтүү кадам таштай берет. Билим берүү системасында эмгектенип жаткан инсандардын түйшүгүн эске алуу менен КРнын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-февралындагы №36 токтому аркылуу октябрь айынын биринчи жекшемби күнү жыл сайын мугалимдердин кесиптик майрамы катары белгилөө күнү деп кабыл алынышы, мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүүгө болгон аракет катары бааланат. Мугалимдердин коомдо кадыр-баркын көтөрүү, аларга жеткиликтүү көңүл буруу, өлкөдөгү саясий, социалдык, экономикалык туңгуюктан чыгуунун бирден бир жолу. Бул багытта өлкө башчыбыз, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынын акыркы учурда бир топ алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы кубандырат. Бул саясатты колдоо менен Баткен мамлекеттик университетинде да комплекстүү иш-аракеттер жүрүп жатат. Атап айтсак, профессордук-окутуучулар курамынын эмгек маянасына кошумча төлөмдөр кошулду, окуу имараттары капиталдык ремонттордон өткөрүлдү, материалдык-техникалык базаны чыңдоо иштери дагы деле жүрүүдө, профессордук-окутуучулар курамынын сапатын жогорулатуу үчүн стимул катары сый акылар каралды ж.б. Бул иш-аракеттер БатМУну өлкөдөгү алдыңкы ЖОЖдодун катарына кошуу менен эле чектелбестен, аймактагы мекеме-ишканаларды сапаттуу кадрлар менен камсыздоо максатын орундатат. Урматтуу, кесиптештер! Жалпыңаздарды кесиптик майрамыңаздар менен чын дилимден куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк амандык, кажыбас кайрат каалаймын! Сиздерди терең урматтоо менен БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов

Баткен мамлекеттик университети төмөнкү факультеттердин декандарынын жана кафедра башчыларынын ваканттык кызмат орундарына конкурс жарыялайт:

  1. Башкы мекеме боюнча:
  • Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин деканы кызмат ордуна;
  • Филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы кызмат ордуна;
  • Табигый илимдер жана математика кафедрасынын башчысы кызмат ордуна;
  • Педагогика билим берүү кафедрасынын башчысы кызмат ордуна;
  • Социалдык-экономикалык жана укук кафедрасынын башчысы кызмат ордуна.
  1. Кызыл-Кыя гуманитардык – педагогикалык институту боюнча:
  • Педагогика факультетинин деканы кызмат ордуна;
  • Табигый илимдер жана дене тарбия факультетинин деканы кызмат ордуна;
  • Дене тарбия кафедрасынын башчысы кызмат ордуна;
  • Кыргыз тили жана тарых кафедрасынын башчысы кызмат ордуна;
  • Табигый -математикалык билим берүү кафедрасынын башчысы кызмат ордуна;
  • Педагогика жана психология кафедрасынын башчысы кызмат ордуна;
  • Дүйнөлүк тилдер кафедрасынын башчысы кызмат ордуна;
  • Башталгыч класстарды окутуу кафедрасынын башчысы кызмат ордуна.
  1. Кызыл-Кыя техникалык, экономикалык жана укук институту боюнча
  • Экономика, педагогика жана инженердик технология факультетинин деканы кызмат ордуна;
  • Гуманитардык-педагогикалык жана тил дисциплиналар кафедрасынын башчысы кызмат ордуна;
  • Экономика кафедрасынын башчысы кызмат ордуна;
  • Табигый илимдер жана техникалык дисциплиналар кафедрасынын башчысы кызмат ордуна.
  1. Сүлүктү гуманитардык – экономикалык институту боюнча
  • Педагогика жана экономика факультетинин деканы кызмат ордуна;
  • Педагогикалык жана фиологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы кызмат ордуна;
  • Табигый илимдер жана маалыматтык технологиялар кафедрасынын башчысы кызмат ордуна.

Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси:

  1. Ректордун наамына жазылган арыз;
  2. Паспорттун көчүрмөсү;
  3. Кыскача таржымал (резюме);
  4. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (КБ күбөлөндүрүү менен);
  5. Жогорку билими, окумуштуулук даражасы, илимий наамы (бар болсо) тууралуу документтеринин көчүрмөсү (КБ күбөлөндүрүү менен);
  6. Белгиленген тартипте Окумуштуулар кеңешинин катчысыга күбөлөндүрүп, акыркы 5 жыл ичиндеги жарыяланган илимий жана окуу-методикалык иштеринин тизмеси;
  7. 5 жылга факультетти/кафедраны өнүктүрүү планы;
  8. Иштеген жеринен мүнөздөмө.

Катышуучуларга коюлган талаптар БатМУнун “Факультеттеринин декандарын шайлоо тартиби”, “Кафедра башчыларын шайлоо тартиби” жөнүндө жоболорунда көрсөтүлгөн. (www.batmu.kg )

 

Биздин дарек: 720100 Баткен ш.  И.Жусупов көчөсү, 21

Тел.:(03622) 6-09-80, 6-09-77, 6-08-75, 6-09-81,

Факс: (03622) 5-03-26 

Эскертүү:  Коюлган талаптарга жооп бербеген катышуучулардын документтери конкурска кабыл алынбайт.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: Жарыя чыккан күндөн тартып – 1 (бир) ай.