ОшТУнун базасында Орус-Кыргыз техникалык жогорку окуу жайлардын консорциумунун IX жалпы жыйыны болуп өттү.Баткен мамлекеттик университетинин Тышкы байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректору Г.Ү.Артыкбаев менен БатМУнун Уюштуруу, тарбия, мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаментинин башчысы А.Ы.Кунназаров Орус-Кыргыз техникалык университеттердин консорциумунун “Илимий-техникалык жана билим берүү мейкиндигиндеги интеграциялык процесстер” VII Эл аралык тармактык илимий-практикалык конференциясына катышты. Илимий-практикалык конференциянын пленардык заседаниясында БатМУнун Тышкы байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректору Г.Ү.Артыкбаев доклад жасап, жалпы Баткен мамлекеттик университети боюнча презентация кылды. Аталган иш-чара биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгууга байланыштуу маселелерди талкуулоо, жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу, жаңы уюштурулган программалар боюнча келишимдерге кол коюу жана тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду. Мында негизинен акыркы учурдагы илим жана техниканын өнүгүшү менен илимге жаңы ачылыштардын кириши, аларды өндүрүштө жана эл чарбасында колдонууну ишке ашыруу жолдорун изилдөө, илимий изилдөөлөрдү кадр даярдоо менен бирге ишке ашыруу сыяктуу маселелер талкууланды. Ошондой эле ар бир мамлекет даярдап жаткан кадрлар сөзсүз түрдө эл аралык деңгээлдеги билим берүү программасына ылайык жогорку билимге ээ болушу зарыл экендигин баса белгилөө менен дүйнөлүк стандарттагы билим берүү программасын биргелешип иштеп чыгып, ошол программанын негизинде жогорку билимдүү кадрларды даярдоо маселелери каралды. Орус-кыргыз техникалык концорциумуна Россиянын жана Кыргызстандын университеттеринин жетекчилери, илимий кызматкерлери, кафедра башчыларынан турган өкүлдөр катышууда. Жетишилген келишимге ылайык Баткен мамлекеттик университети Орус-Кыргыз техникалык университетеринин консорциумуна мүчөлүккө кабыл алынды.