2021-жылдын 8-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Баткен областынын түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгына жана Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Баткен мамлекеттик университетинин окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмгектенген кызматкерлердин арасында спорттун алты түрү боюнча мелдеш уюштурулду. Спорттук иш-чара БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмгектенген окутуучулардын байланыш-катышын, ынтымагын чындоо, сергек жашоого чакыруу максатын көздөп, БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун базасында болуп өттү. Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө БатМУнун ректору э.и.д., профессор А.Т.Гыязов, Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Ж.Маткалыковдор окутуучуларды спортту сүйүүгө чакырып, иш-чарага активдүү катышып берген жалпы жамаатка ыраазычылык билдирүү менен жеңишке жетишкен катышуучуларды куттуктады. Жалпы командалык эсепте I, II, III орунду ээлеген жеңүүчүлөр, жана мелдеште активдүү катышкан оюнчулар кубок, диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болушту. Спортту сүйүп, ден соолукта окуу жайыбызды жаңы бийиктиктерге чыгара бериниздер, БатМУнун жалпы жамааты!