Бүгүн 25.10.2021-ж. БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, тарыхый инсан, кыргыздын чыгаан уулу, жердешибиз Исхак Раззаковдун туулган күнүнө карата эскеришип, Сүлүктү шаарынын борбордук аянтындагы айкелине гүл чамбар коюшуп, куран окушту. Ошондой эле эскерүү иш-чарада КР эмгек сиңирген мугалими, БатМУ СГЭИнин окутуучусу Эралиев Ысмайыл Сарыбаевич агайыбыз катышуучуларга И.Раззаковдун өмүр баяны, басып өткөн эмгек жолу, эгемен мамлекетибиздин мамлекет катары калыптанышына кошкон эбегейсиз зор салымы жөнүндө айтып өттү.