Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинде окуу жайдын окутуучуларынын, студенттеринин жана БУУнун Жаштарды катыштыруу боюнча эксперти Тынчтыкбек Бакытовдун катышуусунда Бириккен Улуттар Уюмунун күнү белгиленди. Иш-чарада катышуучуларга уюмдун тарыхы, максаты, иш-аракеттери жөнүндө маалымат берилип, “Кыз ала качуу”, “Суу проблемалары, мөңгүлөрдүн эриши” темаларын чагылдырган видео-роликтер көрсөтүлдү. Ал маселелердин үстүндө талкуу уюштурулуп, активдүү катышуучулар белектерге ээ болду. Эскерте кетсек, БУУ 1945-жылы Эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту колдоо, мамлекеттер аралык тынчтык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында суверендүү мамлекеттердин ыктыярдуу билдирүүсүнүн негизинде түзүлгөн Эл аралык уюм болуп эсептелип, жыл сайын 24-октябрь БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет.