2021-жылдын 16-декабрь күнү Бишкек шаарында Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасынын элеттик коомчулуктарда санариптештирүү” долбоорунун бет ачары болуп, ага Баткен мамлекеттик университетинен Илим, уюштуруу жана мамлекеттик тил боюнча проректор, б.и.к., доцент А.А.Саматова катышты. Долбоор санариптик трансформацияга жаштарды, аялдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коомду, айылдык бизнести тартууга, ошондой эле билим берүү уюмдарынын потенциалын жогорулатууга санариптик технологияларды киргизүүгө багытталып, Баткен, Каракол, Ош шаарларында санариптик көндүмдөр борборлорун ачууну пландаган. Түзүлүгөн борборлор жарандык коом уюмдарын, IT коомчулугун, Эстониянын эксперттерин өз иштерине тартуу. Бул чоң иштин натыйжасы айыл жамааттарындагы жашоочулардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча инновациялык идеяларды жана сунуштарды биргелешип иштеп чыгуу болот.