Бүгүн 2021-жылдын 20-декабрь күнү Баткен мамлекеттик университетинин Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин декандык кызмат ордуна шайлоо болуп, ага п.и.к., профессордун м.а. М.Д.Айдарованын талапкерлиги сунушталды. Шайлоого факультеттеги профессордук-окутуучулар курамынын 48инин ичинен 46сы катышты. Жалпы окутуучулардын добуш берүүсүнөн соң, М.Д.Айдарова шайлоочулардын 78 пайыздан ашуун добушуна ээ болуп, БатМУнун Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин деканы болуп шайланды. Шайлоонун жайынтыгында БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов М.Д.Айдарованы декан болуп шайланышы менен куттуктап, декандык кызматта тажрыйбага ээ экендигин белгилөө менен факультеттин ишин окутуучулардын ынтымагын бекемдөө менен дагы да алдыга жылдырат деген ишенимин билдирди.