2021-жылдын 25-декабрь күнү Баткен мамлекеттик университети Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте Кадамжай шаарындагы Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүндө Кыргыз эл акыны Э.Эрматовдун 70 жылдыгына, мамлекеттик жана саясий ишмер Азиз Токтобаевдин 110 жылдыгына, XIX кылымдагы таанымал саясий ишмер Ташбек датканын 190 жылдыгына карата «Кыргыз элинин алптарына таазим» аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулуп, ага Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.К.Мурзаева, Баткен мамлекеттик университетинин окутуучулары, студенттери жана Кадамжай районуна караштуу орто мектептердин жетекчилери, мугалимдери катышты. Иш-чараны БатМУнун Тышкы байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректору Г.Ү.Артыкбаев ачып, пленардык жыйынында БатМУ КГПИнин Кыргыз тили жана Тарых кафедрасынын ага окутуучусу А.К.Көчкөнов, ф.и.к, профессор К.П.Пахыров, т.и.к Б.А.Азимбаев жана КГПИнин студенти Мурзабек кызы Чачыкейлер баяндама жасашты. Баяндамачылар кыргыз элинин тарыхы, маданиятында өзгөчө орду бар бул үч инсандын басып өткөн өмүр жолу, ишмердүүлүгүнө токтолушуп, алардын эл-жер үчүн жасаган иштеринен өрнөк алуу менен ар убак эскерип туруу зарылчылыгын баса белгилешти. Конференциянын экинчи бөлүгүндө төкмө акын Абдивали Акимбеков комуз менен төгүп элдин жарпын жазса, «Шайыр апалар» ансамблинин ырлары жана КГПИнин Кыргыз тили жана адабияты профилинин экинчи курсунун студенттери тарабынан карылар үйүндөгү көрүнүш тууралуу сахналык көрүнүш аткарылды. Конференциянын аягында резолюция кабыл алынды. Ал эми Эгемберди Эрматов атындагы коомдук фонду тарабынан акындын юбилейин өткөрүүгө салым кошкон инсандарга ыраазычылык иретинде сыйлык тапшырылды.