Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулар курамынын балдары үчүн “Балаты” майрамы болуп өттү. Иш-чараны БатМУнун Илим, тарбия, уюштуруу иштери боюнча проректору, б.и.к., доцент А.А.Саматова ачып, наристе-жеткинчектерди кирип келген жаңы жыл майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады. Андан соң Аяз ата, Аяз кыз жаныбарлардын коштоосунда келип, балдарды куттуктап, белектерин берди. Кече ыр, бий, оюн-зоок менен коштолду.