БатМУ КГПИнин Дене тарбия кафедрасынын ага окутуучусу, дүйнө чемпиону Рахманова Дилдора мas-wrestling боюнча дүйнө кубогуна катышып, кезектеги жеңиши менен кайтты. Чемпионат 2021-жылдын 16-20-декабрь күндөрү Финляндияда өтүп, анда Дилдора Рахмонова таяк тартыш боюнча 85+ абсолюттук салмактагы Польша, Америка, Финляндия, Россиянын балбан кыздарын жеңип, байгелүү 2-орунду камсыздады. Д.Рахмонованы бул жеңиш менен куттуктайбыз! Окуу жайыбыздын эле эмес, бүтүндөй өлкөбүздүн сыймыгы болгон эжекебизге бекем ден соолук, майтарылбас эрк каалайбыз! Дагы да далай ийгиликтерди багынтып, Кыргызстандын желегин дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө желбиретип жүрүшүнө тилектешпиз!