Бүгүн 10.02.2022-ж. Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов жана “DigiКонуш” коомдук бирикмесинин башчысы Б.Абдиева “Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу” долбоорунун алкагында биргеликте иш алып баруу, БатМУнун базасында ачылган Санариптик көндүмдөрдүн борборунун ишин өркүндөтүү, ага жарандык коомдун уюмдарын, IT коомчулукту, эстониялык эксперттерди тартуу ж.б. бир топ жумуштарды ишке ашыруу максатында эки тараптуу келишимге кол коюшту. Буюрса бул келишимдин негизинде Баткен чөлкөмүндө бир топ пайдалуу долбоорлор ишке ашары күтүлүүдө.